Баткен облусунда күн электр станциясы курулат
Баткенде күн электр станциясы куруларын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.
Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров "CECEP Solar Energy Co., Ltd." компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Тараптар кайра жаралуучу энергия булактары тармагындагы кызматташтыкты жана инвестициялык портфелди кеңейтүүнү талкуулашты.
Учурда аталган компания Баткен облусунда "Ак-Татыр" күн электр станциясын куруу долбоорун ишке ашырууда.
Жолугушууда заманбап энергия үнөмдөөчү технологияларды киргизүү жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин колдонуу маселелери каралды.
Равшанбек Сабиров бул кызматташтык өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоодогу маанилүү кадам экенин баса белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар узак мөөнөттүү стратегиялык кызматташууну өнүктүрүү жана энергетика тармагындагы конкреттүү долбоорлорду мындан ары да биргелешип иштеп чыгууга макулдашты.