Салык ашыкча төлөнсө, аны кантип кайтарып алууга болот?

Салык ашыкча төлөнсө, аны кантип кайтарып алууга болот?

Кээде салык төлөө учурунда ар кандай себептерден улам ашыкча сумма төлөнүп кетиши мүмкүн. Мындай учурда жарандар жана ишкерлер бул каражатты кайтарып алуу же башка салыктарга чегерүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. “Ишкер медиа” ашыкча төлөмдү эсепке алуу жана кайтарып берүү тартиби тууралуу маалымат менен таанышууну сунуштайт.

👉🏻
Ашыкча төлөнгөн сумма — бул салыктын, пайыздардын, туумдардын же санкциялардын иш жүзүндө төлөнгөн суммасы менен төлөнүүгө тийиш болгон сумманын ортосундагы оң айырма. Бул норма Салык кодексинде белгиленген.

Башкача айтканда, тийиштүү болгон суммадан салыкка көбүрөөк төлөп койгон учурда ашыкча төлөм пайда болот.

Ашыкча төлөмдү чегерип алуунун тартиби

Эгерде салык төлөөчүнүн учурдагы карызы жок болсо, ашыкча төлөм биринчи кезекте ошол эле салык боюнча пайыздарды, туумдарды жана санкцияларды төлөөгө чегерилет. Андан кийин салыктардын башка түрлөрү боюнча карыздарды жоюуга багытталат.

Эгерде салык төлөөчүнүн карызы бар болсо, салык органы ашыкча төлөмдү анын арызы жок эле автоматтык түрдө чегерүүгө укуктуу. Бул тууралуу салык төлөөчүгө 10 календардык күндүн ичинде маалымдалат. Мындан сырткары ашыкча төлөнгөн сумманы келечектеги салыктарга чегерүүгө же түздөн-түз банктык эсепке кайтарып алууга да болот.

Салык органы арызды кабыл алгандан кийин 10 жумушчу күндүн ичинде ашыкча төлөмдү эсепке алып, 30 календардык күндүн ичинде каражатты кайтарып берет. Эгерде бул мөөнөттөр бузулса, салык төлөөчүгө кечиктирилген ар бир күн үчүн 0,09% өлчөмүндө айып пул төлөнөт.

☝🏻
Мамлекеттик Салык кызматы, салык төлөмдөрүн кылдат текшерип туруу жана ашыкча төлөм пайда болгон учурда өз убагында арыз берүүнү сунуштайт. Ошондой эле ашыкча төлөмдү башка адамдын салыгына чегерүүгө болбостугун жана арыз белгиленген мөөнөткө чейин берилбесе, каражат бюджетке өтүп кете тургандыгын маалымдайт.

Мындан тышкары окуңуз

Түштүк Кореяга иштөөдө эмнелер талап кылынат?

Түштүк Кореяга иштөөдө эмнелер талап кылынат?

Түштүк Кореяда эмгек келишими үч жылга түзүлөт жана аны беш жылга чейин узартуу мүмкүнчүлүгү бар экенин "Биринчи радионун" түз эфиринде Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборунун Эмгек миграциясы башкармалыгынын башчысы Эсенбек Эргешов билдирди. Анын айтымында, талапкерлер үчүн тандоо төмөнкүдөй тартипте жүрөт: * Талапкерлер милдеттүү түрдө корей тили боюнча тест

Акциздик марканы сканерлеп – мыйзамдуу товарды тандаңыз

Акциздик марканы сканерлеп – мыйзамдуу товарды тандаңыз

“Акциздик маркаларды сканерлеңиз – мыйзамдуу товарды тандаңыз!” деген чакырык менен Мамлекеттик Салык кызматы алкоголдук ичимдиктерди, тамеки буюмдарын жана таттуу суусундуктарды текшерүү “Салык” мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү экенин маалымдады. Билдирүүгө караганда – бул товардагы акциздик маркаларды текшерүү аркылуу анын мыйзамдуу же мыйзамсыз экенин аныктоого болот. 💡Акциз маркасы — бул алкоголдук жана тамеки продукцияларына чапталган, бюджетке

Оштогу үч эм төрөгөн энеге 100 миң сом белек берилди

Оштогу үч эм төрөгөн энеге 100 миң сом белек берилди

Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, облус башчысы Аманкан Кенжебаев Өзгөн районунун тургуну Мавлюда Бердигулованын үй-бүлөсүнө барып, 20-февралда төрөлгөн үч эм ымыркайларына байланыштуу акчалай жардам — 100 миң сом тапшырды. Белгиленгендей, жаңы төрөлгөн кыздарга Айша, Айчырай жана Адинай деген ысымдар ыйгарылган. Учурда эненин жана

Жыл башында алдамчылык менен 319 миң сом  алган аял кармалды

Жыл башында алдамчылык менен 319 миң сом алган аял кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалганын Бишкек шаардык милициясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 5-февралда Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына Т. А. аттуу жаран кайрылып, “М.” аттуу аялга карата чара көрүүнү суранган. Арыз ээсинин айтымында, 12-январда аталган жаран ишенимге кирип, 8 даана тигүү машинаны жеткирип берүү шылтоосу менен алдап 319 миң сом акча