Түштүк Кореяга иштөөдө эмнелер талап кылынат?
Түштүк Кореяда эмгек келишими үч жылга түзүлөт жана аны беш жылга чейин узартуу мүмкүнчүлүгү бар экенин "Биринчи радионун" түз эфиринде Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборунун Эмгек миграциясы башкармалыгынын башчысы Эсенбек Эргешов билдирди.
Анын айтымында, талапкерлер үчүн тандоо төмөнкүдөй тартипте жүрөт:
- Талапкерлер милдеттүү түрдө корей тили боюнча тест тапшырышат.
- Тил тестинен ийгиликтүү өткөндөр кийинки этапка чакырылат. Анда Кореянын Эмгек министрлигинин өкүлдөрү талапкерлердин кол моторикасын, кесиптик көндүмдөрүн жана физикалык даярдыгын текшеришет.
- Бардык этаптардан өткөн жарандар Түштүк Кореянын тиешелүү ведомствосунун расмий базасына киргизилет. Ал жерден завод-фабрикалардын ээлери өздөрүнө ылайыктуу кызматкерлерди өздөрү тандап алышат.
Эсенбек Эргешов белгилегендей, бул базада келишим күтүү мөөнөтү эки жылга чейин созулушу мүмкүн жана ал толугу менен корей тараптын тандоосунан көз каранды.
"Биз ар бир жаранга эмгек келишиминин ар бир пунктун кунт коюп изилдөөнү сунуштайбыз. Өзгөчө жашоо шарты жана тамак-ашы, айлык акынын өлчөмү, келишимдин так мөөнөтү, ошондой эле эмгек талаш-тартыштарын чечүү тартибине көңүл буруу зарыл. Бул талаптар Улуу Британия, Түштүк Корея, Түркия же Европа өлкөлөрү болобу — кайсы мамлекетте иштебеңиз, бардыгы үчүн бирдей маанилүү", — деди ал.