Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев
Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи.
Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык.
"Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар жана евро төлөп келген. Эми бул каражаттар сыртка чыкпай, өлкөдө калат. Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн эң түз жолу. Акчаны чет өлкөдөн ташып келүүдөгү коопсуздук тобокелдиктери жана транспорттук чыгымдар толугу менен жоюлат", - деди ал.
Ошону менен бирге паспорт, айдоочулук күбөлүк сыяктуу маанилүү документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бул жарандардын жеке маалыматтарын коргоонун эң жогорку деңгээли.
"Биз мындан ары сырткы камсыздоочулардан көз каранды болбойбуз. Эл аралык тийиштүү сертификаттардын болушу биздин технологиялар жасалмалоого жол бербестигин жана эң жогорку стандарттарга жооп берерин тастыктайт", - дейт Чороев.
Ошондой эле экономист Кыргызстандын башка мамлекеттердин валютасын жана документтерин басып берүү деңгээлине чыгышы бул жогорку технологиялык кызмат көрсөтүүнүн экспорту экенин айтты.
"Биз башка мамлекеттерге сапаттуу, бирок баасы боюнча атаандаштыкка жөндөмдүү кызмат сунуштай алабыз. Бул мамлекеттик бюджетке таза валюталык киреше алып келе турган жаңы тармак болуп калат. Жыйынтыктап айтканда, бул жөн гана басмакана эмес, мамлекеттин өзүнө болгон ишеними жана эл аралык аренадагы жаңы статусу. Биз эми жөн гана керектөөчү эмес, жогорку сапаттагы технологиялык кызматтарды сунуштаган өнөктөш катары чыгып жатабыз", - деди ал.