Кыргызстанда туризмден түшкөн киреше 1 млрд доллардан ашты
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын туристтик тармагы туруктуу өсүштү көрсөттү. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортунан түшкөн киреше 1,098 млрд АКШ долларына жетип, 2024-жылга салыштырмалуу 8,1%га өстү.
Туризм өлкө экономикасында маанилүү орунду ээлеп, жумуш орундарын түзүүгө жана региондордун өнүгүшүнө салым кошууда. Жыл жыйынтыгында тармактын ички дүң продукттагы үлүшү 3,8%ды түзүп, жалпы кошумча нарк 74,4 млрд сомго жетти.
Өсүшкө эл аралык деңгээлде өлкөнү илгерилетүү, туристтик инфраструктураны жакшыртуу, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана туристтик агымдардын кеңейиши таасир этти. Ошондой эле ички туризм жана региондордогу ишкердик активдүүлүк да өстү.
Учурда туристтик тармакта 129 миңге жакын чарба жүргүзүүчү субъект иш алып барууда.
Кыргызстан Борбордук Азиядагы атаандаштыкка жөндөмдүү туристтик багыт катары позициясын бекемдөөнү улантууда. Негизги багыттар — жыл бою иштеген туризмди өнүктүрүү, санариптештирүү, жаңы туристтик продукттарды түзүү жана эл аралык кызматташууну кеңейтүү.
1 млрд долларлык чекке жетүү тармактын өнүгүүсүндөгү маанилүү этап болуп эсептелет.