Парламентте "уйкудагы 15 биржаны" ойготуучу мыйзам долбоору жактырылды

Парламентте "уйкудагы  15 биржаны" ойготуучу мыйзам долбоору  жактырылды

Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети "Товардык биржалар жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Бул документ 1992-жылдан бери колдонулуп келген эски мыйзамды толугу менен алмаштырууну көздөйт.

Жаңы мыйзам долбоору соода аянтчаларынын иштөө тартибин, соодага катышуучуларга коюлган талаптарды жана мамлекеттик көзөмөл системасын так аныктайт. Долбоорго ылайык, товардык биржалар эми жалаң гана акционердик коом түрүндө түзүлүп, универсалдуу мүнөзгө ээ болот — башкача айтканда, ар кандай товарларды соодага чыгара алышат.

Мында уставдык капиталга жана каржылык туруктуулукка коюлган талаптарды Министрлер кабинети аныктайт.

Талкуу учурунда белгилүү болгондой, учурда Кыргызстанда 15 товардык биржа расмий катталган. Бирок алардын ишмердүүлүгү дээрлик байкалбайт, ал эми салык төлөмдөрү нөлгө жакын.

Кыргыз фондулук биржасынын башкы директорунун орун басары Мыктыбек Абиров азыр бул биржалар негизинен кагаз жүзүндө гана бар экенин түшүндүрдү. Себеби азыркы мыйзамда так механизмдер жана биржа аркылуу сөзсүз өтүшү керек болгон товарлардын тизмеси көрсөтүлгөн эмес.

Реформанын демилгечилери жаңы нормалар кабыл алынса, бул тармак жанданып, көмүскөдөн чыгат деп эсептешет.

Депутаттар өзгөчө товардык биржалар үчүн сунушталган 25 млн сомдук уставдык капитал маселесине көңүл бурушту. Алар мындай жогорку талап рыноктун өнүгүшүнө тоскоол болушу мүмкүн деген кооптонуусун билдиришти.

Бирок мыйзамды иштеп чыккандар катуу каржылык талаптар зарыл экенин белгилешти. Алардын айтымында, бул соода коопсуздугун камсыздайт: ири капиталы бар биржа келишимдердин аткарылышына жооп берип, жеткирүүлөрдү көзөмөлдөй алат.

Мындан тышкары окуңуз

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районунда калктын социалдык жактан корголбогон катмарларына мал азыгы таратылганын райондук мамлекеттик администрация билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, жардам климаттын өзгөрүшүнө туруктуу азык-түлүк системаларын өнүктүрүү долбоорунун алкагында көрсөтүлдү. Районго 135 тонна арпа жеткирилген. Азыктар 864 үй-бүлөгө бөлүштүрүлдү — ар бирине 156 килограммдан берилди. Белгиленгендей, бул долбоор райондо быйыл экинчи жолу ишке ашырылып

Парламент 67,7 млн евролук долбоорду биринчи окууда жактырды

Парламент 67,7 млн евролук долбоорду биринчи окууда жактырды

Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети "Кемин — Балыкчы" жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясын жана 500 киловольттук көмөк чордонун куруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Ири энергетикалык долбоордун жалпы наркы 67,7 млн еврону түзөт. Каржылоонун негизги бөлүгүн — 61,7 млн еврону Европалык реконструкциялоо жана

Кыргызстанда 125 775 бала бала бакчаларга электрондук кезекте турат

Кыргызстанда 125 775 бала бала бакчаларга электрондук кезекте турат

Кыргызстанда бала бакчаларга электрондук кезекте 125 миң 775 бала турганын Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билим берүү министринин орун басары Надира Джусупбекова билдирди. Анын айтымында, өлкөдө жалпы 1 жаштан 6 жашка чейинки 765 миң 769 бала бар. Алардын ичинен 320 миң 13ү мектепке чейинки билим берүү уюмдарына

Бала бакчаларды курууга 1 млрд доллар бөлүнүшү керек – Д.Бекешев

Бала бакчаларды курууга 1 млрд доллар бөлүнүшү керек – Д.Бекешев

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев  Финансы министрлиги тарабынан олуттуу реформалар жүргүзүлбөсө жана бала бакчаларды курууга жок дегенде 1 млрд доллар бөлүнбөсө кырдаал өзгөрбөй турганын билдирди. "Азыр биз жактыра турган 6 млн доллар — чынын айтканда, өлкө масштабында бул эч нерсе эмес. Биз жөн гана бир шаарга бирден бала бакча "