Россиядан ЕАЭБ өлкөлөрүнө ири суммадагы акчаны кайсыл аэропорттор аркылуу алып чыгууга болот?

Россиядан ЕАЭБ өлкөлөрүнө ири суммадагы акчаны кайсыл аэропорттор аркылуу алып чыгууга болот?

Россиядан Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кирген өлкөлөргө 100 миң доллардан ашык өлчөмдөгү накталай рублдарды 17 аэропорт аркылуу гана алып чыгууга уруксат берилерин Россия Каржы министрлигине шилтеме берүү менен "РосбизнесКонсалтинг" маалымдады.

Накталай акчаны алып чыгууга уруксат берилген аэропорттордун катарына Москванын негизги авиа түйүндөрү — Внуково, Домодедово, Шереметьево, ошондой эле Храброво (Калининград), Толмачево (Новосибирск), Баландино (Челябинск) кирет.

1-апрелден тарта ЕАЭБ өлкөлөрүнө накталай рублдарды алып чыгуунун өзгөчө тартиби күчүнө кирет.

Бул документтер президенттин жарлыгын аткаруунун алкагында даярдалган. Ага ылайык, ЕАЭБ өлкөлөрүнө — Беларусь, Казакстан, Армения жана Кыргызстанга накталай акчаны алып чыгууга чектөөлөр каралган.

Россиянын Каржы министрлиги жаңы эрежелер милдеттүү декларациялоону киргизбесин түшүндүрдү. Анын ордуна жарандар чек арадан өтүүдө акчанын мыйзамдуу келип чыгышын далилдеши керек болот. Бул үчүн банкоматтан алынган чек же карыз келишими сыяктуу документтер талап кылынат.

"Бул милдеттүү декларация эмес, ири суммадагы накталай акчанын мыйзамдуу келип чыгышын тастыктоо тууралуу болуп жатат", — деп белгилешти министрликте.

Эгер жарандар үчүн мындай документтер ири суммадагы акчаны алып чыгууда гана талап кылынса, уюмдар жана жеке ишкерлер үчүн — бардык учурларда милдеттүү болот.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кыргыз Республикасынын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын" өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга мамлекеттик органдардын жана Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү катышып, азык-түлүк коопсуздугу, баалардын туруктуулугу жана тармактын туруктуу иштеши маселелери каралды. Кеңешменин жүрүшүндө Казакстан

Кыргызстан ЕАЭБ стандарттарын 93% деңгээлде аткарууда

Кыргызстан ЕАЭБ стандарттарын 93% деңгээлде аткарууда

Күн мурун Экономика жана коммерция министрлигинде Бажы биримдиги (ББ) жана Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) техникалык регламенттерин ишке ашыруу боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйындын жүрүшүндө техникалык регламенттердин аткарылышы, шилтеме ченемдеринин ишке ашырылышы жана көйгөйлүү маселелер каралды. Маалыматка ылайык, учурда ЕАЭБ алкагында 53 техникалык регламент кабыл алынып, алардын 48и

Кыргызстанда жеке маалыматтарды мыйзамсыз иштетүүгө 120 миң сомго чейин айып пул салуу каралып жатат

Кыргызстанда жеке маалыматтарды мыйзамсыз иштетүүгө 120 миң сомго чейин айып пул салуу каралып жатат

Жогорку Кеңешине Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору сунушталды. Ал жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган. Документ жаңы берене киргизүүнү карайт. Ага ылайык, жеке маалыматтарды мыйзамсыз иштетүү, сактоо, өткөрүп берүү жана таратуу үчүн жоопкерчилик белгиленет. Тактап айтканда, жеке маалыматтарды коргоо талаптарын бузгандыгы үчүн: * жеке

Ысык-Көлдө жол курулуштары текшерилди

Ысык-Көлдө жол курулуштары текшерилди

Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Тариэль Жаныбеков иш сапары менен Ысык-Көл облусундагы жол курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Министрликтин маалыматына ылайык, ал буга чейин берилген тапшырмалардын аткарылышын текшерип, инвестициялык долбоорлордун жана жол тейлөө ишканалары тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерди жеринде көрдү. Жаныбеков алгач Балыкчы–Барскоон унаа жолундагы курулуш иштерин