Тигүү тармагы акырындап жандана баштады

Тигүү тармагы акырындап жандана баштады

Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Бишкектеги ири тигүү цехтердин бирине барып, өндүрүш процессин таанышып чыкканын министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Вице-министрдин айтымында, өлкөнүн тигүү жана текстиль тармагы 2025-жылдын күзүндө тышкы факторлордун таасири менен олуттуу кыйынчылыктарга дуушар болгон. Ошол эле учурда мамлекет бул секторду колдоо чараларын көрүп келет. 2026-жылдын январында Президент Садыр Жапаров тармактын өкүлдөрү менен жолугушуусунда көтөрүлгөн маселелер өзгөчө тартипте каралып, бул багыт президенттин жеке көзөмөлүнө алынган.

"Азыр оперативдик штаб иштеп жатат, ал бардык жаралган маселелерди тез арада чечүү механизмин камсыз кылат. Финансылык колдоо алкагында пайызсыз насыя берүү программасы ишке киргизилди. Салык жана административдик жеңилдиктер боюнча 2030-жылдын 1-январына чейин киреше салыгынын ставкасы 1% деңгээлинде бекитилди. Мындан тышкары, социалдык камсыздандыруу төлөмдөрү олуттуу азайтылды. Натыйжада ишкерлерге түшкөн жалпы жүк мурдагы 9500–9800 сомдон 2555 сомго чейин кыскарды. Ошондой эле 2026-жылдын аягына чейин салыктык жана ККМ контролунун рейддерине мораторий киргизилди", — деди Нурланова.

Экономика жана коммерция министрлигинин базасында өндүрүшчүлөр үчүн окутуу иш-чаралары уюштурулуп, экспорттун бардык этаптарында практикалык колдоо көрсөтүлүүдө. Вице-министр бул тигүү ишканасы мыйзам чегинде иштеп жатканын жана "көмүскөдө" иштебей турганын белгиледи.

"Ошондуктан продукцияны экспорттоодо ишкананын эч кандай тоскоолдуктары болгон жок. Ачык иштеген тигүү цехтери бүгүн туруктуу иштеп, жеңилдетилген насыяларды тоскоолдуксуз ала алууда", — деп түшүндүрдү ал.

Нурланова кошумчалагандай, мурда "кара схемада" иштеген ишканалар менен учурда консультациялар жүргүзүлүп, алардын мыйзамдаштырылышы үчүн комплекстүү иштер жүрүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө 137 млн долларга ири цемент заводу курулат

Чүйдө 137 млн долларга ири цемент заводу курулат

Министрлер Кабинети менен "ШАНФЭН ЗЭТ ЦЕМЕНТ" ЖЧКсынын ортосунда инвестициялык келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Келишимдин алкагында Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Октябрь айыл аймагында суткасына 3200 тонна клинкер өндүрө турган цемент заводун куруу пландалууда. Инвестициялык келишимге Министрлер Кабинетинин атынан Президентке караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин

Жашыл экономика күн тартибинде: аймактык кызматташуу күчөйт

Жашыл экономика күн тартибинде: аймактык кызматташуу күчөйт

Жашыл экономиканы институционалдаштыруу жана заманбап аналитикалык инструменттерди киргизүү маселелерине арналган эл аралык конференция болуп өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Иш-чарага илимий-изилдөө мекемелеринин, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышып, кесиптик диалог жүргүзүп, тажрыйба алмашты. Конференциянын жүрүшүндө жашыл экономиканы өнүктүрүү, туруктуу саясатты калыптандыруу жана

Күн сайын 1300 автобус каттамда: талаштуу маалымат төгүнгө чыгарылды

Күн сайын 1300 автобус каттамда: талаштуу маалымат төгүнгө чыгарылды

Бишкек шаарында 400дөн ашык автобус каттамга чыкпай токтоп турат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы расмий билдиришти. Ишкананын маалыматына ылайык, учурда коомдук транспорт кадимки режимде иштеп жатат. Күн сайын линияга орто эсеп менен 1250–1300 автобус чыгууда. Белгиленгендей, автобус паркын пайдалануу деңгээли 85%ды

Кыргызстандын айдоочулук күбөлүктөрүн жасалмалоо дээрлик мүмкүн эмес

Кыргызстандын айдоочулук күбөлүктөрүн жасалмалоо дээрлик мүмкүн эмес

КРнын айдоочулук күбөлүктөрү эл аралык стандарттарга толук шайкеш келет. Бул тууралуу “Кабар” МАде өткөн маалымат жыйынында КРнын Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев билдирди. Анын айтымында, жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр тууралуу маалымат чет өлкөлөргө дипломатиялык каналдар аркылуу жеткирилген. Учкун ишканасынын башкы директору Бакытбек Султанов улуттук айдоочулук күбөлүктөр заманбап технологиялар