Араван районунда арзан жер семирткич сатуучу дүкөн ачылды
Араван районунда “Элдик” агрардык дүкөнү ачылды. Аталган дүкөн дыйкан-фермерлерди колдоо максатында мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен жеке ишкердин ортосунда ишке ашырылды.
Бул жерде Араван районундагы дыйкандар үчүн арзан баадагы сапаттуу үрөн, жер семирткичтердин түрлөрү сунушталат.
Бүгүнкү күндө бул жерде органикалык жер семирткичтерден сырткары жүгөрүнүн, пахтанын, беденин уруктары сатылууда.