Былтыр “Ала-Арча” жаратылыш паркынан 262,6 млн сом киреше түшкөн
2025-жылы “Ала-Арча” жаратылыш паркына болжол менен 470 миң адам келгенин "Кабар" агенттигине “Ала-Арча” жаратылыш паркынын директору Кубанычбек Жекшенбеков билдирди.
Ал белгилегендей, паркка келгендердин саны жогорулап жатат.
"2026-жылдын январь айынан бери эсеп жүргүзүлүп келе жатат. Парк жумасына орто эсеп менен 18 миңге жакын конокту кабыл алат. Негизги жыйынтыктар жылдын аягында чыгарылат", - деди ал.
Буга улай ал 2025-жылы “Ала-Арча” паркына келгендерден 262 млн 652 миң сом киреше түшкөнүн билдирди.
Анын айтымында, бул каражаттар президенттин Иш башкармалыгынын бюджетине багытталган. Ошондой эле парктын инфраструктурасын мындан ары өнүктүрүү жана жакшыртуу үчүн колдонулуп жатат.