Чүйдө тери иштетүүчү заводдун курулушуна капсула салынды
Бүгүн “Асыл Тери” ЖЧКсынын заманбап тери иштетүүчү заводунун курулушуна мезгил кутусу салынганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоор Чүй агроөнөр жай зонасынын аймагында жайгашкан 103 гектар аянтта ишке ашырылып жатат. Долбоордун жалпы инвестициялык көлөмү 12 млн долларды түзөт. Ошол эле учурда долбоордун 5 млн доллары мамлекет тарабынан каржыланууда. Курулуш аяктагандан кийин ишкана суткасына 24 тоннага чейин чийки тери иштетүүгө мүмкүнчүлүк алат.


Мындан тышкары, буга чейин иштетилбей талаага ташталып келген бодо малдын жана башка жандыктардын терилери кайра иштетилип, бут кийим жана тиричилик продукцияларын өндүрүүгө пайдаланылат.