Депутат 4,6 миң кыргыз жүк ташуучуларынын кызыкчылыктарын коргоону демилгеледи

Депутат 4,6 миң кыргыз жүк ташуучуларынын кызыкчылыктарын коргоону демилгеледи

Жогорку Кеңештин депутаты Илимбек Кубанычбеков пленардык жыйында билдиргендей, учурда болжол менен 4,6 миң айдоочу жүк ташуучу болуп иштеп, Кытай — Кыргызстан багыты боюнча фуралар менен жүк ташышат.

Анын айтымында, Өзбекстан тараптан уруксат кагаздары жоюлгандан кийин чет өлкөлүк фуралар чек арадан алым-төлөмдөрдү төлөбөстөн өтө баштаган.

Депутат мындай жагдай ата мекендик жүк ташуучулардын ишине жана алардын материалдык абалына терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин белгиледи.

"Алардын кредиттери бар. Ошол эле учурда өлкөнүн экономикасына чоң салым кошушат. Азыр алардын көбү жумушсуз калышы мүмкүн. Ошондуктан бул маселени ыкчам чечип, кыргыз жүк ташуучуларды колдоо керек. Транспорт министрлиги биздин жүк ташуучуларды колдошу зарыл", — деди Илимбек Кубанычбеков.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй облусунда терини кайра иштүүчү завод ишке кирди

Чүй облусунда терини кайра иштүүчү завод ишке кирди

Бүгүн “Асыл Тери” ЖЧКсынын заманбап тери иштетүүчү заводунун курулушуна мезгил кутусу салынганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор Чүй агроөнөр жай зонасынын аймагында жайгашкан 103 гектар аянтта ишке ашырылып жатат. Долбоордун жалпы инвестициялык көлөмү 12 млн долларды түзөт. Ошол эле учурда долбоордун

Камбар-Ата-1 ГЭСиндеги коррупция боюнча экс-депутат К. Сулайманов кармалды

Камбар-Ата-1 ГЭСиндеги коррупция боюнча экс-депутат К. Сулайманов кармалды

Камбар-Ата-1 ГЭСин даярдоо этабынын долбоорун ишке ашыруу учурундагы мыйзам бузуу фактылары аныкталганын УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, тергөө жана оперативдүү иш-чаралардын натыйжасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты С.К.К. (Кундузбек Сулайманов) жана подрядчы уюмдардын жетекчилери М.А. жана А.Р. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Иш материалдарынан көрүнүп тургандай, С.

1-класска кабыл алуу: Бишкекте эмне үчүн бир нече мектептин ичинен тандоого болбойт?

1-класска кабыл алуу: Бишкекте эмне үчүн бир нече мектептин ичинен тандоого болбойт?

2026/27-окуу жылына карата Бишкек шаарындагы жалпы билим берүү уюмдарына окуучуларды каттоо тартибине өзгөртүүлөр киргизилгенин Билим берүү министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 2025/26-окуу жылында 12 жылдык билим берүү системасын этап-этабы менен киргизүүгө жана бир эле учурда 1- жана 2-класстарга кабыл алуу жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу айрым мектептерде орун жетишсиздиги жаралган. Бул кырдаалды

Кыргызстан Euronews менен кызматташат

Кыргызстан Euronews менен кызматташат

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев “Euronews” телеканалынын президенти Педро Варгас Давид менен жолукту. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда узак мөөнөттүү өнөктөштүктү түзүү жана Кыргызстан тууралуу маалыматты эл аралык деңгээлде жайылтуу маселелери талкууланды. Адылбек Касымалиев белгилегендей, Кыргызстан учурда динамикалык өнүгүү жолунда болуп, эл аралык коомчулук менен ачык диалогду