ЭСФ, ЭТТН жаңы системасын киргизүү товарлардын кымбатташына алып келеби?
Бишкекте өткөн тегерек столдун алкагында жеткирүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү Экономика министрлигин жана Мамлекеттик салык кызматын электрондук эсеп-фактуралардын (ЭСФ) жана коштомо жүк кагаздарынын (ЭТТН) жаңы системасын киргизүү мөөнөттөрүн кайра карап чыгууга чакырышты.
Бизнес өкүлдөрү гибрид документ эки системанын тең техникалык кемчиликтерин камтып калганын айтып, аны ишке киргизүү кризис шартында кошумча чыгымдарды талап кылышы мүмкүн экенин билдиришти.
Жеткирүүчүлөр ассоциациясынын аткаруучу директору Гульнара Ускенбаева пилоттук долбоор агроиштетүү тармагына ашыкча жүк жаратарын белгиледи. Анын айтымында, өндүрүүчүлөр кошумча операцияларды аткарууга мажбур болушууда:
- чийки затты (жашылча, таңгак) өзүнчө каттоо
- даяр продукцияны өзүнчө өткөрүү
Ошондой эле бизнес өкүлдөрү Салык кызматынын товарлар каталогун толтурууда кечигүүлөр болуп жатканын, бул жүктөрдү жөнөтүүнү жайлатарын жана айып пул коркунучун жаратарынын айтышууда.
Ускенбаева долбоордун каржылык тобокелдиктерине токтолду:
"Жаңы системаны киргизүү чоң, орто жана чакан бизнес үчүн кошумча чыгымдарды талап кылат. Азыр баалар өсүп жаткан шартта бул жеңил болбойт. Дүйнө кризисте турганда Кыргызстан да андан тышта калбайт. Бул чыгымдар керектөөчүлөр үчүн оор болуп калбайбы?",-деди ал.
Мамлекеттик салык кызматында документтерди бириктирүү процедураларды жөнөкөйлөтөрүн билдиришти. Жаңы система төмөнкүлөрдү камсыздайт:
- салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу “бирдиктүү кирүү”
- каттоодо автоматтык түрдө виртуалдык кампа түзүү
Мекеменин түшүндүрмөсүнө ылайык, "бир төлөөчү — бир кампа" принциби ЕАЭБ талаптарына ылайык товарлардын ачык-айкын көзөмөлүн камсыздайт.
Салык кызматы документтерди тариздөө шарттарын да түшүндүрдү:
- товар жеткирилгенден кийин 15 жумуш күндүн ичинде документ түзүүгө болот
- бухгалтердик жана салыктык эсеп үчүн API-интеграция жана топтук жүктөө мүмкүнчүлүгү иштелип чыгат.
Ошондой эле учурдагы товарлар каталогу кайра иштелип чыкканын, аны өзгөртүү системада мүчүлүштүктөргө алып келиши мүмкүн экенин белгилешти.
Салык кызматы кошумча чыгымдар болбойт деп ишендиргенине карабастан, ишкерлер пилоттук долбоордун мөөнөтүн узартууну талап кылышууда. Негизги көйгөй — көп кампалуу ири компаниялар үчүн бирдиктүү виртуалдык кампа механизминин ыңгайсыздыгы.