"Кыргызстандын 100 санарип аял-лидери" программасы башталды

"Кыргызстандын 100 санарип аял-лидери" программасы башталды

Аял жетекчилердин лидерлик потенциалын өнүктүрүүгө багытталган "Кыргызстандын 100 санарип аял-лидери" билим берүү программасы расмий түрдө башталды. Долбоор аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программанын алкагында ишке ашырылууда. Бул тууралуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия билдирди.

Маалыматка ылайык, программа мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштеген, ошондой эле кадрлар резервинде турган аялдар үчүн уюштурулган. Анын максаты — заманбап башкаруу, санариптик көндүмдөрдү жана коммуникациялык компетенцияларды өнүктүрүү.

Катышуучулар практикалык долбоорлорду ишке ашырып, насаатчылардын колдоосу менен билим алышат.

Окутуунун алкагында Айзаратбек Эсенов да тренинг өткөрүп, санариптик инструменттерди колдонуу жана инновациялык ыкмалар боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү.

Бул демилге аялдардын коомдогу ролун бекемдөөгө, гендердик теңчиликти илгерилетүүгө жана мамлекеттик башкаруунун сапатын жогорулатууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Токмокто 2 чакырым жолго асфальт төшөө иштери башталды

Токмокто 2 чакырым жолго асфальт төшөө иштери башталды

Бүгүн Токмок шаарындагы Кошой – Алчалуу – Кызыл-Аскер унаа жолунун 5,7-6,6 чакырым аралыгында асфальт төшөө иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Аталган жол тилкеси титулдук тизмеге кирип, жалпы узундугу 2 чакырымды түзөт. Оңдоо иштерин “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасына караштуу №954 Жол тейлөө ишканасы жүргүзүүдө. Маалыматка ылайык, жолдун 2

Тажикстан президенти өлкөдө азык-түлүк быйыл кескин кымбаттай турганын билдирди

Тажикстан президенти өлкөдө азык-түлүк быйыл кескин кымбаттай турганын билдирди

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон быйыл азык-түлүктүн баасы мурда болуп көрбөгөндөй өсүшү мүмкүн экенин эскерткенин "Озоди" радиосу маалымдаганын "Азаттык" жазды. 30-мартта ал адистердин анализине таянып, акыркы учурда дүйнөдө болуп жаткан окуялардын, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнүн жана анын терс кесепеттеринин натыйжасында азык-түлүк баалары олуттуу өсүшү мүмкүн экенин билдирди.

BAKAI автоунаага чыгымдардын 5%ын кайтарат: апрелде автосервис жана тетиктерге кэшбек

BAKAI автоунаага чыгымдардын 5%ын кайтарат: апрелде автосервис жана тетиктерге кэшбек

BAKAI Visa жана Элкарт+ карталарынын колдонуучулары үчүн жогорулатылган 5% кэшбек менен апрель айындагы акцияны баштайт.  2026-жылдын 1-апрелинен 30-апрелге чейин банктын кардарлары автоунааны тейлөөдөн тартып тетиктерди сатып алууларга чейинки чыгымдарды төлөөдө кошумча пайда көрүшөт. Бул автомашинага кам көрүүгө кеткен каражатты байкаларлык үнөмдөйт.  Апрель айында BAKAI'дын Visa жана Элкарт+ карталарынын

Казакстандын туусу дүйнөдөгү эң кооз туу катары таанылды

Казакстандын туусу дүйнөдөгү эң кооз туу катары таанылды

Интернет колдонуучулардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгында Казакстандын мамлекеттик туусу дүйнөдөгү эң кооз туулардын ичинен биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу Tengri Life маалымдады. Маалыматка ылайык, Reddit платформасында өткөн Flags of the World аттуу онлайн-турнир жыйынтыкталып, колдонуучулардын добушу менен казакстандын көгүлтүр түстөгү желеги жеңүүчү деп табылган. Финалда ал Кирибати мамлекетинин туусун артта калтырган.