Бакыт Төрөбаев JKEEA төрагасы Тарутоко Шинджи менен кыргыз-япон кызматташтыгын талкуулады
Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев жапон-кыргыз экономикалык алмашуу ассоциациясынын (JKEEA) төрагасы Тарутоко Шинджи менен жолугушуу өткөргөнүн Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-япон кызматташтыгын өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Торобаев жаңы кызматында реалдуу секторду өнүктүрүү жана эл аралык инвестицияларды тартуу үчүн жооп берерин белгилеп, Кыргызстандын инвестициялык өнөктөштүккө, анын ичинде Япония менен кызматташууга даяр экенин айтты.
Ошондой эле ал Шинджини ассоциациянын түзүлүшү менен куттуктап, анын эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн маанилүү механизм экенин белгиледи.
Жапон тарап кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин жана биргелешкен демилгелерге катышууга даярдыгын билдирди. Түз диалогдун жана институционалдык колдоонун маанилүүлүгү белгиленди.
Тараптар кызматташууну өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу боюнча макулдашышты. Артыкчылыктуу багыттар катары саламаттык сактоо, билим берүү, санариптик технологиялар, туризм, энергетика, инфраструктура, ошондой эле геологиялык чалгындоо жана сейрек кездешүүчү металлдардын кендерин иштетүү аталды.