Кыргыз фондулук биржасы капиталды 30%га жеткирүүнү көздөйт

Кыргыз фондулук биржасы капиталды 30%га жеткирүүнү көздөйт

Талантбек Омуралиев 3-апрелде ЖМКларга берген маегинде фондулук рыноктун экономикадагы ролу, калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана инвестицияларга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү тууралуу айтып берди.

Ал өнүккөн өлкөлөрдө фондулук рыноктун капитализациясы ИДПнына 100% жакындаса, Кыргызстанда биржа ишке кирген учурда бул көрсөткүч болгону 7% чамасында болгон. Башкы максат — капитализацияны ИДПнын 30% деңгээлине чыгаруу.

"Бул рынок өсүп, инвестициялардын көлөмү жогорулайт, ал өз кезегинде ички дүң продукттун өсүшүнө алып келет", — деп түшүндүрдү Омуралиев. Ал фондулук биржа инвесторлор үчүн "терезе" болуп, рынокко кирүү жана чыгуу процессин жеңилдетиши керектигин белгиледи.

Мисал катары ал турак жай рыногун келтирди. Азыркы учурда курулушка инвестиция көп каражатты талап кылат жана менчик укуктарын каттоо, кредит тартуу сыяктуу тобокелдиктер менен байланыштуу. Ал белгилегендей, фондулук рынок өнүксө, мындай долбоорлор баалуу кагаздарды чыгаруу аркылуу каржыланышы мүмкүн.

"Инвестор, мисалы, курулуш долбооруна каражат салып, бир чарчы метрге байланган кагазды сатып алса болот. Эгер баштапкы баасы 500 доллар болсо, бир жылдан кийин 1000 долларга жетиши мүмкүн", — деди Омуралиев.

Ал алтын куймаларын биржа аркылуу сатып алуу-сатуу жаңы инструментинин киргизилишин да жеңил инвестициялоо процесси катары баалады. Ал 6-апрелде брокерлер, банктар жана башка юридикалык жактар үчүн биринчи соодалар өтөөрүн билдирди. Кийинчерээк бул инструментти банктар жана брокерлер мобилдик тиркемелерге интеграциялоону пландашууда.

Учурда фондулук биржада гана юридикалык жактар соода кылат. Омуралиевдин айтымында, мобилдик тиркемелерге интеграциялангандан кийин бул инструмент жеке адамдар үчүн да жеткиликтүү болот.

Мындан тышкары, планда — мамлекеттик баалуу кагаздар менен сооданы толугу менен фондулук биржанын аянтчасына которуу. "Бул келечекте мамлекеттик баалуу кагаздарды мобилдик тиркемелер аркылуу сатып алуу жана сатууга мүмкүнчүлүк берет. Азыр мындай мүмкүнчүлүк жок", — деп кошумчалады ал.

Омуралиев белгилегендей, Кыргызстанда азыр инвестициялык инструменттер жетишсиз болгондуктан, калк көбүнчө турак жайга, алтынга же башка активдерге инвестиция салат. Фондулук биржанын негизги максаты — инструменттердин түрдүүлүгүн кеңейтүү жана калкка Кыргызстандын экономикасына инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн берүү.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Сууда прокуратуранын жаңы имараты ачылды

Кара-Сууда прокуратуранын жаңы имараты ачылды

Башкы прокурор М.К. Асаналиев Ош облусунун Кара-Суу районундагы прокуратуранын жаңы административдик имаратын ачты. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Ачылыш аземинде Башкы прокурор жаңы имарат кызматкерлердин ишин натыйжалуу уюштурууга бардык шарттарды түзөрүн белгиледи. Анын айтымында, бул прокуратура органдарынын мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана жарандардын укуктарын коргоо боюнча ишин күчөтүүгө өбөлгө болот.

Ноокатта 10 гектар жерге жаңы сорттогу алма жана гилас отургузулууда

Ноокатта 10 гектар жерге жаңы сорттогу алма жана гилас отургузулууда

Ош облусунун Ноокат районундагы Он эки бел айылында 10 гектар айыл чарба жерине алма жана кокон гилас көчөттөрү отургузулууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Долбоор Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин колдоосу менен ишке ашууда. Министрлик тарабынан жер аянты бөлүнүп берилип, жеке ишкер 150 метр

Талас шаарында 1224 орундуу мектеп курулат

Талас шаарында 1224 орундуу мектеп курулат

Талас шаарында Россия Федерациясынын колдоосу менен курула турган 1224 орундуу мектептин долбоору талкууланды. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады. Жолугушууга Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, Талас шаарынын мэринин орун басары Айбек Көчөрбаев жана Россия президентинин стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Антон Рыбаков катышты. Тараптар

Садыр Жапаров ата мекендик учкучсуз учуучу аппараттарды чыгарууну тапшырды

Садыр Жапаров ата мекендик учкучсуз учуучу аппараттарды чыгарууну тапшырды

Бүгүн Президент Садыр Жапаров “Дастан” трансулуттук корпорациясы ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынан билдиришти. Мамлекет башчысы иш сапарынын алкагында ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугун, анын ичинде атайын продукцияларды чыгаруу боюнча иштеп жаткан линияларды көрүп чыкты. Белгилүү болгондой, заводдун негизги багыттарынын бири деңиз торпедалык куралдарын даярдоо болуп саналат. Иш