Кыргызстандын өкүлү эл аралык соода комитетинде вице-төрага болуп шайланды
1-3-апрелде Бангкок шаарында Азия жана Тынч океан регионунда трансчек аралык кагазсыз сооданы жөнөкөйлөтүү боюнча Алкактык макулдашуунун Туруктуу комитетинин бешинчи сессиясы өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Жыйындын алкагында Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлү Заир Конурбаев Туруктуу комитеттин төрагасынын орун басары болуп шайланды. Ал эми төрага болуп Азербайжан Республикасынын өкүлү тандалды.
Сессиянын жүрүшүндө кыргыз тарап фитосанитардык көзөмөл жана товарлардын келип чыгышын тастыктоо багыттарында процедураларды санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле "Трансчек аралык кагазсыз сооданы тездетүү: Кыргыз Республикасынын улуттук Жол картасын иштеп чыгуудагы прогресс" темасында презентация сунушталды. Бул жол картасы Алкактык макулдашууну улуттук деңгээлде ишке ашырууга багытталган жана БУУнун ЭСКАТО Катчылыгынын колдоосу менен иштелип чыгууда.
Жыйындын алкагында электрондук коносаментти киргизүү боюнча жумушчу топтун уюштуруу жыйыны да өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасы трансчек аралык сооданы жөнөкөйлөтүү жана санариптик чечимдерди өнүктүрүү багытында эл аралык кызматташтыкты мындан ары да улантарын билдирди.
Маалымат үчүн, Алкактык макулдашууга Азия жана Тынч океан аймагындагы 14 мамлекет мүчө.

