Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жаңы жетекчилери жамаатка тааныштырылды
КРнын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматында жаңы дайындалган төраганын орун басарлары расмий түрдө жамаатка тааныштырылды.
Жаңы жетекчилерди кызматкерлерге министрдин орун басары Беназир Нурланова тааныштырды. Ал өз сөзүндө ведомствонун негизги иш багыттарына токтолуп, атаандаштыкты өнүктүрүү, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана рынокто көзөмөлдү күчөтүү артыкчылыктуу багыттар бойдон каларын белгиледи.
Төраганын орун басарлыгына дайындалган кадрлар - Нуржан Кадырбекова буга чейин, 2024-жылдын май айынан тартып, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана укуктук камсыздоо башкармалыгын жетектеп келген. Ал эми Санжарбек Кокошеров — монополияга каршы кызматта 2013–2023-жылдар аралыгында эмгектенип, тармакта чоң тажрыйба топтогон адис.
Жаңы дайындоолор мекеменин ишин натыйжалуу жүргүзүү, рынокто адилет атаандаштыкты камсыз кылуу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо багытындагы иштерди күчөтүүгө багытталганы белгиленди.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы өлкөдөгү рыноктук мамилелердин тең салмактуулугун сактоодо жана ишкерлер үчүн ачык атаандаштык чөйрөсүн түзүүдө маанилүү ролду ойнойт.
