Молдова парламентинин депутаттары КМШдан чыгууга добуш беришти

Молдова парламентинин депутаттары КМШдан чыгууга добуш беришти

Молдованын парламенти акыркы окууда өлкөнүн КМШ курамындагы мүчөлүгүнүн негизин түзгөн үч макулдашууну денонсациялоо тууралуу мыйзамдарды кабыл алды. Тиешелүү чечимдер парламенттин расмий сайтында 2-апрелде жарыяланды.

Сөз КМШны түзүү тууралуу макулдашууну жана ага кошулган протоколду (экөө тең 1991-жылдын декабрында Минск жана Алматы шаарларында кол коюлган), ошондой эле 1993-жылдын январында Минск шаарында кабыл алынган уюмдун уставын денонсациялоо жөнүндө болуп жатат. Бул чечимдерди парламенттеги 101 депутаттын 60ы колдоду.

Денонсацияны бийликтеги "Иш-аракет жана тилектештик" (PAS) партиясынын өкүлдөрү, "Демократия үйдө" партиясы, ошондой эле мурдагы премьер-министр Ион Кику ("Альтернатива" фракциясынан) колдошту.

Ал эми мыйзам долбоорлоруна коммунисттер партиясы жана социалисттер партиясы каршы добуш беришти. Коммунисттер партиясынын лидери Владимир Воронин бул чечимди "жарандарга карата чыккынчылык" деп атап, "өлкө жана анын экономикасы үчүн трагедия" экенин билдирди.

2026-жылдын январь айынын ортосунда Молдованын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Михай Попшой бийлик КМШга байланышкан үч документти денонсациялоо процессин баштаганын билдирген. Анын айтымында, бул процесстен кийин өлкө расмий жана юридикалык жактан уюмдун курамына кирбей калат.

Өкмөт март айынын ортосунда макулдашууларды денонсациялоо чечимин жактырган. Парламентте мыйзам долбоорлору биринчи окуудан 20-мартта өткөн. Экинчи окууда кабыл алынгандан кийин бийлик КМШнын Аткаруу комитетине билдирүү жөнөтөт жана 12 айдан кийин республиканын уюмдагы катышуусу токтотулат.

Попшой январда белгилегендей, Молдованын КМШ менен түзгөн 283 макулдашуусунун ичинен 71и буга чейин денонсацияланган, дагы 60ка жакыны денонсациялоо процессинде. Ошол эле учурда Кишинёв экономикалык пайда алып келген же жарандар үчүн практикалык мааниге ээ болгон, ошондой эле өлкөнүн европалык багытына каршы келбеген келишимдерден баш тартпоону көздөйт.

Мындан тышкары окуңуз

Башкы прокуратура менен Евробиримдик кызматташтыкты кеңейтет

Башкы прокуратура менен Евробиримдик кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстандын Башкы прокуратурасында Башкы прокурордун милдетин аткаруучу М.М. Бектурганов Европа Бирлигинин Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Реми Дюфло менен жолугушту. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жолугушууда укуктун үстөмдүгүн жана жазык сот адилеттигин бекемдөө жаатындагы кызматташтыктын негизги багыттары талкууланды. Анын ичинде жазык сот өндүрүшүн санариптештирүү, киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү, финансылык иликтөөлөрдү

Түрмөнүн жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды

Түрмөнүн жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды

25-августта Жаза аткаруу кызматынын ички иликтөө башкармалыгынын кызматкерлеринин катышуусунда Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн каралган №19-түзөтүү колониясынын башчысы, майор Ж.М. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту "Пара талап кылуу"

Кыргызстанда 8 райондо суу кызматтарын көрсөтүүчү ишканалар түзүлөт

Кыргызстанда 8 райондо суу кызматтарын көрсөтүүчү ишканалар түзүлөт

Чүйдүн Панфилов районунда ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүчү ишкана түзүү боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Кеңешмеге райондук мамлекеттик администрациянын, айыл өкмөттөрүнүн, айыл кеңештеринин, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрү жана Ичүүчү суу менен камсыздоо

Кара-Сууда сапатсыз асфальт төшөгөн компанияга айып пул салынды

Кара-Сууда сапатсыз асфальт төшөгөн компанияга айып пул салынды

Кара-Суу шаарында жол куруу иштеринин сапатына байланыштуу жарандардын кайрылуусунун негизинде текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Текшерүүнүн жыйынтыгында асфальт төшөө иштери белгиленген талаптарга жооп бербей турганы аныкталды. Айрым жерлерде асфальт катмары сыйрылып, көчүп жатканы жана курулуш учурунда технологиялык талаптар сакталбаганы белгиленди. Аталган