Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт
Кыргызстан эмгек миграциясы тармагында Улуу Британия менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөп жатканын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул маселе 3-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен Улуу Британиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулердин жолугушуусунда талкууланды.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Улуу Британияда иштөөнү каалаган Кыргызстандын жарандарына квоталар бөлүнүп жатканы үчүн ыраазычылык билдирип, бул багыттагы кызматташууну мындан ары өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.
Белгиленгендей, Улуу Британия жыл сайын Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары үчүн болжол менен 45 миң квота бөлөт, анын 30%га жакыны Кыргызстанга туура келет.
Тараптар кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө даяр экендиктерин ырасташты.