Камсыздандыруу рыногунда бирдиктүү мамлекеттик реестр киргизилет
2026-жылдын 3-апрелинде КРнын Министрлер Кабинети тарабынан №219 токтом кабыл алынып, актуарийлердин жана камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби бекитилди. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынан кабарлашты.
Жаңы ченемдик укуктук акт камсыздандыруу рыногун жөнгө салууну жакшыртууга, анын ачыктыгын жогорулатууга жана тармактагы кесипкөй катышуучулардын ишине мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган.
Токтомго ылайык, Кыргызстан аймагында иш алып барган актуарийлерди жана камсыздандыруу брокерлерин каттоо, кайра каттоо жана эсепке алуу боюнча так механизмдер аныкталды. Бул үчүн бирдиктүү мамлекеттик реестр түзүлүп, анда тармактын бардык катышуучулары тууралуу маалыматтар топтолот.
Мындан тышкары, реестрде каттоо жана аны жүргүзүү үчүн жыйымдардын өлчөмү бекитилди. Тактап айтканда: каттоо жана кайра каттоо үчүн бир жолку жыйым – 10 эсептик көрсөткүч, ал эми реестрди жүргүзүү үчүн жылдык жыйым – 10 эсептик көрсөткүч болмокчу.
Бул чаралар камсыздандыруу рыногунун катышуучулары тууралуу маалыматтарды системалаштырууга, алардын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын камсыздоого жана рыноктун туруктуу өнүгүшүнө шарт түзүүгө багытталган.
Аталган токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.