"Манас" социалдык айылында өз алдынча иштеп, үй-бүлө кургандар бар

"Манас" социалдык айылында өз алдынча иштеп, үй-бүлө кургандар бар

Акыйкатчынын орун басары Айчүрөк Назаралиева Чүйдүн Мураке айылындагы майыптыгы бар жарандар үчүн адистештирилген “Манас” социалдык айылынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

2004-жылы негизделген бул коомдук бирикме майыптыгы бар адамдарды обочолонтпой, аларды эмгекке жана чыгармачылыкка аралаштырууну көздөйт. Учурда мында 17ден 40 жашка чейинки 24 тургун жашайт. Алардын көбү мурда мамлекеттик стационардык мекемелерде тарбиялангандар.

Айыл тургундары атайын цехтерде кесиптик билим алып, андан соң төмөнкү багыттарда иштешет:
  • Жыгач устачылык жана сувенир жасоо;
  • Тигүүчүлүк жана экологиялык кагаз баштыктарды өндүрүү;
  • Фермердик чарба (тоок багуу, наабайкана жана сүттү кайра иштетүү).
Өндүрүлгөн продукциялар Бишкек шаарындагы Турусбеков көчөсү, 52 дарегинде жайгашкан социалдык дүкөн аркылуу сатылып, түшкөн каражат айыл тургундарынын муктаждыктарына жумшалат.

Бул борбордун ийгилигинин башкы мисалы — ушул жерден баш кошуп, наристелүү болгон түгөйлөр. Учурда алар үчүн өзүнчө үй курулуп жатат, ал эми социалдык кызматкерлер наристени каралашууга көмөк көрсөтүшөт.

Мындан тышкары окуңуз

Бажы кызматынын өкүлү мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген үчүн кармалды

Бажы кызматынын өкүлү мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген үчүн кармалды

КР УКМК тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга жана товарды туура эмес декларациялоого шектелип, Түндүк-Чыгыш бажысынын Бажылык тариздөө борборунун текшерүү тобунун инспектору, 1995-жылы туулган Д.М. кармалды. УКМКнын маалыматына ылайык, инспектор Түндүк-Чыгыш бажысы аркылуу “кара металл” деген аталыш менен 98 даана жарыктандыруу мамысынан турган жүктү өткөрүп жиберген.

Ишкер Media
Фермерлерге 3% менен асыл тукум мал алууга жеңилдетилген насыя бериле баштады

Фермерлерге 3% менен асыл тукум мал алууга жеңилдетилген насыя бериле баштады

Айыл чарба министрлигинин колдоосу менен фермерлерге мал чарбасын өнүктүрүү үчүн 3 пайыздык жеңилдетилген насыя алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, мүмкүнчүлүктөн Жайыл районунун фермери Бактияр Чыналиев пайдаланып, "Кыргыз Агрохолдингдин" "Элита" филиалынан 15 баш абердин-ангус породасындагы мал сатып алган. "Буга

Ишкер Media
Улуу Британия Кыргызстандын үч компаниясына санкция киргизди

Улуу Британия Кыргызстандын үч компаниясына санкция киргизди

Улуу Британия 8-октябрда Кыргызстанда катталган үч компанияга — “Процессинг КейДжи” ААКна, “ТокенСпот” ЖАКна жана “Цунами Пейментс” ЖЧКна санкция киргизди. Чектөөлөр “Процессинг КейДжи” компаниясынын директору Улан Букабаевге да жайылтылды. Мындай маалыматты Economist.kg маалымат булагы жазып чыкты. Билдирүүгө караганда “Процессинг КейДжи” компаниясынын жалгыз акционери — Кыргызстандын Финансы министрлиги болуп саналат. Жаңы чектөөлөр

Ишкер Media
Ош шаарында жылуулук мезгилине даярдык жүрүүдө

Ош шаарында жылуулук мезгилине даярдык жүрүүдө

Ош шаарында кышка даярдык өз убагында жүрүүдө. Учурда кампаларга 30 миң тоннага жакын көмүр түшүрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, тургундар көмүрдү 35 муниципалдык сатуу жайынан ала алат. Баасы маркасына жараша 4 сомдон 9 сомго чейин. Көмүр Ноокат, Кара-Суу, Алай райондорунан жана Нарын облусунан ташылууда.

Ишкер Media