Кемин районунун башкаруу органдарынын бюджеттеринде финансылык бузуулар аныкталды
КРнын Эсептөө палатасынын 2025-жылга карата аудитордук иш-планына ылайык, Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүм тарабынан Кемин районунда 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгил үчүн аудит жүргүзүлдү.
Аудиттин алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттерин түзүү жана аткаруу, республикалык бюджеттен каржыланган айрым мекемелердин бюджеттери, ошондой эле муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгү текшерилди.
Эсептөө палатасынын маалыматына караганда, аудиттин жыйынтыгында жалпы суммасы 35 545,7 миң сом болгон финансылык бузуулар жана кемчиликтер аныкталды. Анын ичинен 14 367,0 миң сомду калыбына келтирүү талап кылынса, аудит учурунда 7 180,5 миң сом кайтарылды.
Аныкталган негизги бузуулар бюджеттин ченемдик укуктук актыларга шайкеш келбеши, милдеттүү төлөмдөрдү бюджетке толук же өз убагында чегербөө жана башка мүчүлүштүктөргө байланыштуу болгондугу айтылууда.
Аудиттин жыйынтыгы Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмүнүн коллегиясында каралып, тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлдү. Анын ичинде Чүй облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө жана Кемин райондук мамлекеттик администрациясына маалымат берилген.
Мындан тышкары, жергиликтүү кеңештерге да аудиттин жыйынтыктары тууралуу маалыматтар жөнөтүлүп, аныкталган бузууларды жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.