Кыргызстанда алтын куймаларын сатып алгандар көбөйдүбү?
Кыргызстанда алтын куймаларына болгон суроо-талап өсүп жатканын "Кыргызалтын" ишканасынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Арген Жамаев билдирди.
Анын айтымында, эң көп суроо-талап 1 граммдан 50 граммга чейинки өлчөмдөгү куймаларга туура келет.
Жамаев белгилегендей, алтын бүгүнкү күндө толук кандуу финансылык актив катары каралып жатат. Мерчемдүү алтын куймалары "Кыргызалтындын" фирмалык дүкөндөрү аркылуу сатылат.
Ошондой эле Кыргыз фонжулук биржасы, "Кыргызалтын" ААКы жана "Борбордук депозитарий" ЖЧКсы ортосунда келишим түзүлгөн. Ал келишим аркылуу баалуу металлдарды биржадагы автоматташтырылган система аркылуу эркин сатып алуу жана сатуу мүмкүнчүлүгү каралган.
Санариптик платформаларды өнүктүрүү алтынды сатып алуу жана сатуу процессин жөнөкөйлөтүп, аны онлайн форматта жеткиликтүү кылат.
Компаниянын маалыматына ылайык, чет өлкөлүк жарандар да алтын сатып ала алышат. Эгер ар бир куймага тиешелүү сертификат болсо, аны өлкөдөн алып чыгууга уруксат берилет.