Кыргызстанда Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик түзүлөт
Бүгүн Экономика жана коммерция министрлиги караштуу Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов радионун түз эфиринде Кыргызстанда Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик түзүлүп жатканын билдирди.
Анын айтымында, тиешелүү жарлыкка өткөн жумада Садыр Жапаров кол койгон. Жаңы мамлекеттик орган Министрликтин түзүмдөрүн кайра уюштуруунун негизинде түзүлөт жана Министрлер Кабинетине караштуу болот.
Касымов белгилегендей, бул – туризм тармагы үчүн чоң жетишкендик:
"Чынын айтканда, бул жалпы тармактын жетишкендиги, анткени көп жылдар бою туризмге жетиштүү көңүл бурулган эмес", — деди ал.
Анын айтымында, агенттикти түзүүгө 2030-жылга чейинки өлкөнү өнүктүрүү программасы негиз болгон. Бул документте туризм артыкчылыктуу багыттардын бири катары аныкталган.
Жаңы түзүм түзүлгөндөн кийин кызматкерлердин саны жана бюджет көбөйтүлөрү күтүлүүдө. Бул мурдагы негизги көйгөйлөрдүн бири болгон каржылоонун жетишсиздигин жоюуга жардам берет.
"Бир ай ичинде биз түзүмдү, штаттык расписаниени жана бюджетти аныктап, андан кийин алар Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилиши керек",-дейт Касымов.
Мындан тышкары, 2030-жылга чейин агенттикке бир катар олуттуу милдеттер коюлган. Атап айтканда:
- 1999-жылы кабыл алынган мыйзамды жаңылоо иштери жүрүп жатат;
- туристтер үчүн "Түндүк Travel" платформасы жана мобилдик тиркеме иштелип чыгууда;
- Кыргызстанды дүйнөлүк деңгээлде таанытуу үчүн маркетинг стратегиясы даярдалып жатат.