Жеңилдетилген насыя алгандарга мониторинг жүргүзүлдү
Айтматов райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы жана “Элдик Банк” менен биргеликте жеңилдетилген насыя алган фермерлерге жеринде текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө фермерлер тарабынан алынган насыя каражаттарынын максаттуу пайдаланылышы каралып, алынган малдардын бүгүнкү күндөгү абалы менен таанышуу максатында мониторинг жүргүзүлдү.
Ошондой эле төө буурчак кабыл алуучу кампага барып, алынган насыя каражаттарынын туура пайдаланылышы жана учурдагы абалы боюнча жеринде маалымат алынды.


Жыйынтыгында, насыя алуучулардын каражаттарды максаттуу пайдаланып жатканы, ал эми мал чарбачылыгы жана кампадагы иштердин абалы канааттандырарлык деңгээлде экендиги аныкталды.