Германиядан Кыргызстанга келген туристтердин саны 30 миңге жакындады

Германиядан Кыргызстанга келген туристтердин саны 30 миңге жакындады

Германиядан Кыргызстанга келген туристтердин саны өсүп, дээрлик 30 миңге жеткенин Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев билдирди.

Анын айтымында, акырык 3-4 жыл аралыгында эки өлкөнүн ортосунда саясий багыттагы иштер бир кыйла жакшырган.

“Жогорку деңгээлде, президенттин, өкмөт башчысынын жана мүчөлөрүнүн, Тышкы иштер министрлигинин деңгээлинде сапарлары байма-бай уюштурулууда. Бизнес-делегациялар жылына жок дегенде экиден кем эмес келип жатат. Бизнес форумдар да өтүп жатат. Кыргызстанга келген туристтердин саны 30 миңге жетип, дээрлик эки эсеге өстү. Германияга барып окуп, иштейбиз деген жаштардын саны да кыйла көбөйдү. Ал эми Польшага кирүү жеңил болгондуктан, ал жактагы кыргыз жаштарынын агымы он эсе өскөнү байкалыптыр”,-деп белгиледи ал.

Мындан тышкары окуңуз

Караколдун муниципалдык кызматтарына унаалар тапшырылды

Караколдун муниципалдык кызматтарына унаалар тапшырылды

Бүгүн Каракол шаарында муниципалдык кызматтарга техникалык колдоо көрсөтүлүп, мэрия 16 жаңы кызматтык унаанын ачкычын тапшырды. Муниципалитеттин маалыматына караганда, бул техника калкты сапаттуу жана ыкчам тейлөө, ошондой эле муниципалдык милдеттерди тез жана уюшкандыкта аткаруу максатында пайдаланылат. Жаңы унаалардын ачкычтарын Каракол шаардык муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысы Саламат Чыныбеков тапшырды.

Бишкекте жыл ичинде 4 миңден ашык дарак кесилди

Бишкекте жыл ичинде 4 миңден ашык дарак кесилди

2025-жылы Бишкекте 4 миң 66 дарак кесилген, бул 2024-жылга салыштырмалуу 197,7% көп экени шаарды өнүктүрүү боюнча социалдык-экономикалык программаны жүзөгө ашыруу отчетунда айтылат. Шаар бийлигинин маалыматына караганда, 2023-жылы 1 миң 771 дарак, ал эми 2024-жылы 1 миң 366 дарак кесилген. Чиновниктердин пикиринде, бул "жашыл бак-дарактарды коопсуздукту камсыздоо жана санитардык

Адылбек Касымалиев Стэнфорд университетине тапшырган кыргызстандык  жигитти куттуктады

Адылбек Касымалиев Стэнфорд университетине тапшырган кыргызстандык жигитти куттуктады

КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Америка Кошмо Штаттарындагы Стэнфорд университетинде бакалавриат программасы боюнча толук гранттык окууга өткөн Амиртай Бексултанов менен жолугушту.  Министрлер Кабинетинин башчысы Амиртай Бексултановду дүйнөдөгү эң абройлуу университеттердин бирине ийгиликтүү тапшыргандыгы менен куттуктап, бул жетишкендик даярдыктын, максатка жана билимге болгон умтулуунун жогорку деңгээлинин ачык далили экенин баса

Талас шаарында заманбап медциналык борбор ишке кирет

Талас шаарында заманбап медциналык борбор ишке кирет

Талас шаарында аянты 1000 чарчы метрден ашкан заманбап медициналык борбор ишке кирерин Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан билдиришти. Борбордун өзгөчөлүгү — анда миниинвазивдик хирургия жана артроскопия ыкмаларынын киргизилишинде. Буга чейин аймактын тургундары муундардын жаракатынан кийин калыбына келүү же ЛОР-операцияларын жасатуу үчүн Бишкекке келүүгө мажбур болушчу. Жаңы борбордо заманбап жасалма дем алдыруучу аппараттар, жогорку