Кыргызстан менен JICA кызматташууну кеңейтет
Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Беназир Нурланова Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Башкы кеңсесинин Борбор Азия жана Кавказ бөлүмүнүн директорунун улук орун басары Сонояма Юка менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар көп жылдык өнөктөштүктүн учурдагы жыйынтыктарын талкуулап, өлкөнүн стратегиялык өнүгүүсүнүн алкагында кызматташуунун жаңы багыттарын белгилешти.
Тараптар өзгөчө көңүлдү "Бир айыл — бир продукт" (БАБП) долбооруна бурушту. Бул долбоор натыйжалуу эл аралык кызматташуунун үлгүсү болуп, таанылып, Борбор Азия жана Кавказ аймагындагы башка өлкөлөргө да жайылтылууда. Демилгенин ишке ашырылышы эл аралык сапат стандарттарына жооп берген экологиялык таза продукцияны өндүрүүнү жолго коюуга, ошондой эле региондордун экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтүүгө шарт түздү.
Министрдин орун басары Беназир Нурланова учурда долбоорго өлкө боюнча, 3500 катышуучу тартылып, 107 цех иштеп жатканын айтты. Долбоордун алкагында 2774 түрдөгү продукция чыгарылып, чет өлкөлөргө экспорттолууда.
Тараптар долбоорду мындан ары модернизациялап, аны экспортко багытталган маанилүү инструментке айлантуу, жаңы катышуучуларды тартуу жана ишкерлерди колдоону күчөтүү боюнча макулдашышты. Ошондой эле кыргыз ишкерлерине япон тажрыйбасын үйрөтүү боюнча кызматташтыкты кеңейтүү пландалды.


