Италияда үй жаныбарын багууга акы төлөнүүчү эмгек өргүү берилет

Италияда үй жаныбарын багууга акы төлөнүүчү эмгек өргүү берилет

Италия дүйнөдө биринчилерден болуп кызматкерлерге үй жаныбары ооруп калган учурда акы төлөнүүчү кыска мөөнөттүү өргүү алуу мүмкүнчүлүгүн мыйзамдуу түрдө бекиткенин "Извести" кабарлайт.

Маалыматта белгиленгендей, жаңы тартипке ылайык, кызматкерлер жылына үч күнгө чейин өргүү ала алышат. Бул үчүн ветеринардык дарыгерден үй жаныбарынын абалы оор экенин жана шашылыш кам көрүү керектигин тастыктаган маалымкат талап кылынат. Мындан тышкары, жаныбар расмий каттоодо болуп, чип орнотулган болушу шарт.

Бул демилге алгач 2017-жылы көтөрүлүп, “Куччиола иши” деген ат менен белгилүү болгон сот чечиминен кийин кеңири талкууга алынган. Рим университетинин китепканачысы карыган итин багуу үчүн өргүү алып, кийин анын акысын өндүрүп алууга жетишкен. Анын юридикалык командасы үй жаныбарына кам көрүү да жоопкерчилик экенин далилдей алган.

Италиянын мыйзамдарына ылайык, оор абалда калган жаныбарды кароосуз калтыруу кылмыш болуп саналат. Ошол эле учурда Европанын башка өлкөлөрүндө да жаныбарларды коргоо чаралары күчөтүлүүдө. 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Микрокредит алуучулардын саны 3 эсеге өстү

Токтогул - "Беш-Таш" унаа жолунун 21 километри асфальтталды

Кыргызстан менен Финляндия геология тармагында кызматташат

Кыргыз балын Сауд Арабия рыногуна экспорттоо маселеси көтөрүлдү

Улуттук банк 12 алмашуу бюросуна 55 миң сомдон айып салды