Президент асыл тукум мал чарбачылыгы жөнүндө мыйзамга кол койду

Президент асыл тукум мал чарбачылыгы жөнүндө мыйзамга кол койду

Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасында мал чарбасындагы асыл тукум иши жөнүндө" мыйзамына кол коюлганын президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирди. Бул мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2026-жылдын 4-мартында кабыл алынган.

Мыйзамды кабыл алуунун негизги максаты — асыл тукум мал чарбасын мындан ары өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жана ушул тармактагы мыйзамдарды өркүндөтүү болуп саналат.

Мыйзамда асыл тукум мал чарбачылыгы тармагын мамлекеттик жөнгө салуу, бул тармактагы субъекттердин экономикалык ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрү, анын ичинде илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүү нормалары, асыл тукум продукциясын таануу, колдонуу жана баалоо маселелери, ошондой эле аны пайдалануунун тартиби жана шарттары.
Ошондой эле мыйзамда асыл тукум мал чарбачылыгы тармагындагы ишмердүүлүктү уюштуруунун негизги принциптери жана системасы аныкталган. Бул системага Министрлер кабинети, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, асыл тукум иши менен алектенген субъекттер кирет.

Мындан тышкары, алардын ыйгарым укуктары да белгиленген.

Мыйзам ошондой эле малды жасалма уруктандыруу боюнча ишмердүүлүктү түзүү жана жүргүзүү тартиби, асыл тукум продукциясын (материалын) экспорттоо жана импорттоо, бул тармактагы ишкердик ишмердүүлүк, илимий-изилдөө иштерине мамлекеттик буйрутманы түзүү жана ишке ашыруу тартиби маселелерин жөнгө салат.

Мындан тышкары окуңуз

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен такси ишин лицензиялоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин 14 миңден ашуун жеке жак жана 400дөн ашуун юридикалык жак лицензия алышкан. Ошол эле учурда лицензия алуу боюнча кайрылгандардын саны акыркы убактарда азайганы байкалууда. Ушуга

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

“Жыргалаң” курортун куруу боюнча жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабынын биринчи күнү жыйынтыкталганын “Ала-Тоо Резорт” ААКтын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максүтов билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 8-апрелде өткөн аукциондо жалпы 6 лот сатылды. “Жалпысынан аукционго 12 лот коюлуп, алардын алтоосу сатылды. Тактап айтканда, 2 төрт жылдыздуу мейманкана жана 4 эки жылдыздуу мейманкананын жер

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

Билим берүү министрлиги 5-класстар үчүн "Табигый илимдер" аттуу жаңы предмет боюнча окуу китептери басылып чыкканын билдирди. "Учкун" басмаканасында жалпысынан 153 180 даана китеп чыгарылган. Анын ичинен: * 87 150 даана — кыргыз тилинде окуган мектептер үчүн; * 66 030 даана — орус тилинде окуган мектептер үчүн. Китептер өлкөнүн бардык аймактарындагы

Бишкекте рейд учурунда 30дан ашык унаа айып короого жеткирилди

Бишкекте рейд учурунда 30дан ашык унаа айып короого жеткирилди

Бүгүн саат 06:00дөн 09:00гө чейин Бишкек шаарында туура эмес токтотулган унааларды аныктоо жана тартипке келтирүү максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Иш-чарага шаар мэриясынын төрт административдик районунун өкүлдөрү, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти, Жол кайгуул кызматы, Муниципалдык инспекция жана “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасынын эвакуатор