Эл аралык аудит "Кумтөрдүн" отчеттуулугун тастыктады

Эл аралык аудит "Кумтөрдүн" отчеттуулугун тастыктады

Көз карандысыз аудитордук компания Ernst & Young 2025-жыл үчүн Кумтор Голд Компани ЖАКтын финансылык отчеттуулугун текшерүүнү аяктады.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча, компаниянын отчету бардык негизги аспектилер боюнча 2025-жылдын 31-декабрына карата финансылык абалын, ошондой эле отчеттук мезгилдеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын эл аралык стандарттарга ылайык туура чагылдырары аныкталды.

2025-жылдагы көрсөткүчтөр:

  • киреше — 1,434 млрд доллар;
  • таза пайда — 706 млн доллар.

Компаниянын Кыргызстандын экономикасына кошкон салымы:

  • салыктар жана милдеттүү төлөмдөр — 246,5 млн доллар;
  • дивиденддер — 300 млн доллар.

2025-жылы Кумтор кенинде 12 миң 81 килограмм алтын өндүрүлгөн.

Ernst & Young (EY) — аудит жана консалтинг тармагындагы дүйнөдөгү эң ири компаниялардын бири. Ал "Чоң төрттүккө" кирет жана ишмердүүлүгүнүн масштабы боюнча дүйнөдө 3-орунда турат. Компанияда 150дөн ашык өлкөдө 400 миңден ашуун кызматкер иштейт.

Мындан тышкары окуңуз

А. Касымалиев бюрократияны азайтуу боюнча жаңы тапшырмаларды берди

А. Касымалиев бюрократияны азайтуу боюнча жаңы тапшырмаларды берди

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик башкаруу системасын жөнөкөйлөтүү жана бюрократияны кыскартуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында мурда кабыл алынган чаралардын аткарылышы каралып, бир катар тармактарда административдик тоскоолдуктарды азайтуу жана кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү боюнча иштер талкууланды. Касымалиев башкаруу процесстерин санарипке өткөрүү,

ЕРӨБ Кыргызстандын энергетика тармагын жакшыртууга 67,7 млн евро бөлөт

ЕРӨБ Кыргызстандын энергетика тармагын жакшыртууга 67,7 млн евро бөлөт

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Кыргызстандын энергетика тармагын жакшыртууга багытталган долбоор үчүн 67,7 млн евро бөлөт. Жогорку Кеңеш 9-апрелде “Кемин” подстанциясы менен жаңы “Балыкчы” подстанциясынын ортосунда 500 кВ электр линиясын курууга байланыштуу макулдашууну ратификациялоо мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Кредиттик жана гранттык макулдашууга “Кыргызстан улуттук электр тармагы” менен

Интерпол алдамчылык кылып издөөгө алынган 3 кыргызстандыкты кармады

Интерпол алдамчылык кылып издөөгө алынган 3 кыргызстандыкты кармады

Интерпол аркылуу эл аралык издөөгө алынган үч кыргызстандык жаран кармалганын ИИМ 9-апрелде кабарлады. Шектүүлөрдүн бири - ири өлчөмдөгү уурулукка шектелип жаткан 34 жаштагы С. Д. А. аттуу жаран Сербиядан кармалган. Ал Манас шаарында үйдөн мамлекеттик сыйлыктарды, ири суммадагы акча жана кымбат баалуу компьютерлерди уурдаганы үчүн издөөгө алынганы айтылды. Ал эми

Казакстан ЕАЭБ өлкөлөрүнөн жумуртка импорттоону токтотот

Казакстан ЕАЭБ өлкөлөрүнөн жумуртка импорттоону токтотот

Казакстан жумуртканы бардык өлкөлөрдөн, анын ичинде ЕАЭБ мамлекеттеринен импорттоону жарым жылга тыюуну пландап жатканын inbusiness.kz Казакстандын Айыл чарба министрлигинин мыйзам долбооруна шилтеме берүү менен маалымдалды. Бийлик жумуртканы жеткирүүгө транспорттун бардык түрүнө карабастан толук тыюу киргизүүнү көздөөдө. Бул демилге ички рынокту колдоо зарылдыгы менен түшүндүрүлүүдө. Казакстандын канаттуулар союзу билдиргендей, 2025-жылдын