Измирде Кыргызстандын инвестициялык жана ишкердик мүмкүнчүлүгү тааныштырылды

Измирде Кыргызстандын инвестициялык жана ишкердик мүмкүнчүлүгү тааныштырылды

Түркиянын Измир шаарында Кыргызстандын инвестициялык жана ишкердик мүмкүнчүлүктөрүн таанытууга арналган иш-чара өткөнүн Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунан билдиришти.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы соода байланыштары, экспорт мүмкүнчүлүктөрү, кызматташуу багыттары жана инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берилди.

Катышуучулар тарабынан презентациялар көрсөтүлүп, конкреттүү долбоорлор жана кызматташтык багыттары боюнча баяндамалар жасалды.

Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу Чыңгыз Токтобеков белгилегендей, мындай форматтагы иш-чаралар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоодо өзгөчө мааниге ээ. Эки өлкөнүн ишкерлери үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып, өз ара инвестицияларды көбөйтүүгө жана туруктуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Иш-чара суроо-жооп форматында уланып, катышуучулар ортосунда пикир алмашуу болуп, мындан аркы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Татарстан энергетика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан менен Татарстан энергетика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

Татарстан Республикасынын Казань шаарында өткөн "ЭНЕРГОПРОМ" эл аралык форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Татарстандагы ири энергетикалык компаниялардын ортосунда эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү боюнча сүйлөшүүлөр өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Иш-чарага Энергетика министри Таалайбек Ибраев жана "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын башкы директору Ильгиз

Мырзаке – Кара-Шоро жолунда көчкү тазаланып, жолду бийиктетүү иштери башталды

Мырзаке – Кара-Шоро жолунда көчкү тазаланып, жолду бийиктетүү иштери башталды

7-8-апрелдеги жаан-чачындан улам Мырзаке – Кара-Шоро унаа жолунун 47-чакырымында (Жаман-Тал тилкеси) тоо тектери кулап, көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, №5 Жол тейлөө ишканасы тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду тазалоо иштери ыкчам жүргүзүлдү. Учурда аталган тилкеде жолду сел сууларынан коргоо максатында реконструкциялоо иштери жүрүүдө.

BAKAI жана UFC: банк кардарлар үчүн беттештерге жеткиликтүүлүк жана өзгөчө артыкчылыктарды сунуштаган эксклюзивдүү Visa UFC картасын ишке киргизүүдө

BAKAI жана UFC: банк кардарлар үчүн беттештерге жеткиликтүүлүк жана өзгөчө артыкчылыктарды сунуштаган эксклюзивдүү Visa UFC картасын ишке киргизүүдө

BAKAI UFC Eurasia (Ultimate Fighting Championship) - аралаш мушташ өнөрү боюнча дүйнөдөгү эң ири эл аралык уюмдун эксклюзивдүү өнөктөшү болуп саналат. Бул кызматташуунун алкагында банк жаңы продукт - Visa UFC картасын ишке киргизүүдө. Ал кардарлар үчүн өзгөчө сунуштарды, артыкчылыктарды жана профессионалдык спорт дүйнөсүнө жол ачат. Visa UFC картасы жаркын эмоцияларды,

Кытайдын эки университети кыргызстандыктарды акысыз окутууга кабыл ала баштады

Кытайдын эки университети кыргызстандыктарды акысыз окутууга кабыл ала баштады

Кытайдын Шаньдун провинциясынын Цзинань шаарындагы эки университет 2026–2027-окуу жылы үчүн Кыргызстандын жарандарына 20 стипендия бөлүп берди. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин маалыматына ылайык 10 орун Цзинань университети тарабынан, 10 орун Шаньдун архитектуралык университети тарабынан берилет. Документтерди кабыл алуу мөөнөттөрү Цзинань университетине — 10-июнга чейин, Шаньдун архитектуралык университетине — 1-июлга