Казакстан ЕАЭБ өлкөлөрүнөн жумуртка импорттоону токтотот

Казакстан ЕАЭБ өлкөлөрүнөн жумуртка импорттоону токтотот

Казакстан жумуртканы бардык өлкөлөрдөн, анын ичинде ЕАЭБ мамлекеттеринен импорттоону жарым жылга тыюуну пландап жатканын inbusiness.kz Казакстандын Айыл чарба министрлигинин мыйзам долбооруна шилтеме берүү менен маалымдалды.

Бийлик жумуртканы жеткирүүгө транспорттун бардык түрүнө карабастан толук тыюу киргизүүнү көздөөдө. Бул демилге ички рынокту колдоо зарылдыгы менен түшүндүрүлүүдө.

Казакстандын канаттуулар союзу билдиргендей, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн өндүрүүчүлөрү жакшы көрсөткүчтөргө жетишкен:

  • 4,5 млрд даана жумуртка өндүрүлгөн;
  • ички рынок өзүн-өзү камсыздоо деңгээли дээрлик 100%га жеткен.

Эксперттердин айтымында, мындай чечим казакстандык ишканаларга кошумча каражаттарды өндүрүштү кеңейтүүгө, жабдууларды жаңылоого жана санариптик технологияларды киргизүүгө багыттоого мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда аялдардын пенсиялык жашы жогорулатылат

Казакстанда аялдардын пенсиялык жашы жогорулатылат

Казакстанда аялдардын пенсиялык жашы жогорулатыларын Эмгек жана калкты социалдык коргоо боюнча вице-министри Виктория Шегай билдирди. Анын айтымында, буга чейин аялдардын пенсиялык жашын жогорулатуу убактылуу токтотулган. "Бирок ал колдонуудагы мыйзамдарга ылайык акырындап 63 жашка чейин көтөрүлөт — эркектер менен тең деңгээлге жетет", — деди ал. Шегай бул чара келечектеги пенсия төлөмдөрүнүн

Эдил Байсалов кызматтан бошотулуп, АКШга элчи болуп дайындалды

Эдил Байсалов кызматтан бошотулуп, АКШга элчи болуп дайындалды

Байсалов Эдил Жолдубаевич мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Эдил Байсалов мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Жарлык Конституциянын тиешелүү беренелеринин негизинде кабыл алынды.

Майлуу-Сууда 25 млн долларга дары-дармек заводун куруу пландалууда

Майлуу-Сууда 25 млн долларга дары-дармек заводун куруу пландалууда

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев дары-дармек каражаттарын чыгаруучу заводдун курулушу боюнча инвесторлор менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууга Кытайдын EHD (Eurasian Healthcare Development), "Циньхуандао Тайчжи Медикал Текнолоджи Компани Лимитед" компанияларынын жана Польшанын "LEKAM" фармацевтикалык компаниясынын өкүлдөрү катышты. Тараптар катуу пероралдык, суюк дары

А. Касымалиев бюрократияны азайтуу боюнча жаңы тапшырмаларды берди

А. Касымалиев бюрократияны азайтуу боюнча жаңы тапшырмаларды берди

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик башкаруу системасын жөнөкөйлөтүү жана бюрократияны кыскартуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында мурда кабыл алынган чаралардын аткарылышы каралып, бир катар тармактарда административдик тоскоолдуктарды азайтуу жана кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү боюнча иштер талкууланды. Касымалиев башкаруу процесстерин санарипке өткөрүү,