"Кыргызалтын" былтыр 18,7 млрд сом таза пайда таап, рекорддук көрсөткүчкө жеткен
“Кыргызалтын” ачык акционердик коому 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча рекорддук финансылык көрсөткүчтөргө жетишти. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев компаниянын ишмердүүлүгү менен таанышуу учурунда белгилүү болду.
Компаниянын маалыматына ылайык, таза пайдасы 18,7 млрд сомду, ал эми жалпы кирешеси 20,7 млрд сомду түздү.
Учурда “Кыргызалтындын” курамына 2 филиал, 13 туунду ишкана жана 4 биргелешкен ишкана кирет. Компания жакынкы үч жыл ичинде жалпы суммасы 1 млрд доллардан ашкан стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууну пландоодо.
Анын ичинде “Үңкүр-Таш”, “Тоголок”, “Чакуш”, “Талдыбулак” жана “Андаш” кендерин өздөштүрүү каралган. Ошондой эле Кумтөр кенинин калдыктарын кайра иштетүү боюнча иштер уланууда.
Белгиленгендей, бул долбоорлор энергетикалык коопсуздукту бекемдөөгө жана экономикалык өсүштү камсыздоого багытталган.