Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Кыргызстанда бүгүнкү күндө калдыктардын 24 товардык тобунун ичинен 16сы боюнча кайра иштетүү жолго коюлган, ал эми калган багыттар боюнча кайра иштетүүчү ишканалар жок. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Эко Оператор" МИсинин директору Асель Мамбетова радионун эфиринде билдирди.

Анын айтымында, ишкана министрликтин өкүлдөрү, калдыктарды кайра иштетүүчүлөр жана сорттоочулар катышкан жыйын өткөрүп, анда тармактагы учурдагы көйгөйлөр жана сунуштар талкууланган.

Ал белгилегендей, өлкөдө мыйзамдуу жана мыйзамсыз таштанды полигондору маселеси дагы эле курч бойдон калууда. Ошол эле учурда калдыктардын олуттуу бөлүгүн кайра иштетүүгө мүмкүн.

"Бул таштанды жайларында негизинен экинчи өмүр берүүгө боло турган товарлар бар — аларды өрттөп же жок кылбай, кайра иштетсе болот", — деди Мамбетова.

Мыйзамга ылайык, өлкөдө өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги механизми жана утилизациялык жыйым иштейт. Ишкананын маалыматына караганда, жөнгө салууга 24 товардык топ жана 380ден ашык продукция түрү кирет. Алардын ичинде таңгактар, дөңгөлөктөр, тиричилик техникасы жана майлар бар.

Ошол эле учурда айрым багыттар боюнча, анын ичинде тиричилик техникасы жана электроника боюнча, тиешелүү ишканалар жок болгондуктан кайра иштетүү жүргүзүлбөйт.

Мамбетова билдиргендей, кайра иштетүүчүлөрдөн түшкөн сунуштар бул тармактарда жаңы долбоорлорду ишке киргизүү үчүн каралып жатат. Каржылоо утилизациялык жыйымдардын эсебинен жүргүзүлөт.

"Азыркы учурда 2025-жылдын январынан бери болжол менен 160 млн сом жыйналды. Бул каражаттар импорттоочулар менен өндүрүүчүлөрдүн төлөмдөрүнүн эсебинен түзүлөт", — деп тактады ал.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media
Садыр Жапаров: Мектеп маселесин 2028-жылга чейин толук чечебиз

Садыр Жапаров: Мектеп маселесин 2028-жылга чейин толук чечебиз

Кыргызстанда мектеп маселесин 2028-жылга чейин толугу менен чечүү максаты коюлду. Бул тууралуу өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысы Жалал-Абад облусунун бир катар райондорунда мектеп, бала бакча жана маданият үйлөрүн куруу жана жаңылоо боюнча көйгөйлөр бар экенин белгиледи. Анын айтымында, Чаткал районунда

Ишкер Media