Кыргызстандыктар 2025-жылы киберкылмыштан 82 млн сомдон ашуун чыгымга учурашты

Кыргызстандыктар 2025-жылы киберкылмыштан 82 млн сомдон ашуун чыгымга учурашты

2025-жылы Кыргызстанда жарандар киберкылмышкерлердин курмандыгына кабылып, жалпы чыгым 82 млн 600 миң сомдон ашкан. Бул тууралуу ИИМдин КИББнын Киберкылмыштарга каршы күрөш башкармалыгынын өкүлдөрү бүгүн Улуттук банк менен биргеликте өткөрүлгөн жыйындын жүрүшүндө билдиришти.

ИИМ өкүлдөрүнүн айтымында, болжол менен келтирилген зыяндын жарымын - 42 млн 145 миң сомун кылмыштын изи сууй электе аныктап, кайтарып алууга мүмкүн болгон. Бирок калган каражаттарды кайтарып алуу кыйынчылык жаратууда.

Адистер белгилегендей, көпчүлүк учурда кибер кылмыштын башкы аткаруучулары чет өлкөдө отурган адамдар тарабынан уюштурат. Алдамчылык жолу менен алынган акчалар адегенде банктык эсептерге түшүп, андан соң криптовалютага айландырылат да, чет өлкөгө чыгарылып кетет.

ИИМ өкүлүнүн билдирүүсүнө караганда, Кыргызстандын кээ бир мамлекеттер менен кызматташтыгы жок болгондуктан, кылмыштын бетин ачып, акчаны кайтарып алуу кыйынчылык жаратууда.

Мындан тышкары окуңуз

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

Жолдо кетирилген бир секунддук ката кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Каршы тилкеге чыгуу өтө кооптуу, анткени каршы келе жаткан унаа менен кагылышуу коркунучу бар экендигин Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул эрежени бузгандыгы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 15 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган. Айып

"Газпром" 2030-жылга чейин Кыргызстандын 60%ын газдаштырат – С.Вакунов

"Газпром" 2030-жылга чейин Кыргызстандын 60%ын газдаштырат – С.Вакунов

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы ири долбоорлордун бири – Кыргызстанды газдаштырып жаткан “Газпром” компаниясы экенин "Биринчи радионун" түз эфиринде аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов билдирди. Анын айтымында, компания буга чейин газ өткөрүүчү түйүндөрдү курууга 400 млн долларга жакын каражат жумшады.  “Алдыда 2030-жылга чейин өлкөнү газдаштырууну 60%га жеткирүү тапшырмасы

Садыр Жапаров Ошто тургундар менен жолугуп, экономикалык көрсөткүчтөрдү атады

Садыр Жапаров Ошто тургундар менен жолугуп, экономикалык көрсөткүчтөрдү атады

Президент Садыр Жапаров 10-апрелде Ош шаарынын тургундары жана активи менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынан билдиришти. Жолугушууда Мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына токтолуп, алдыдагы максат-милдеттер тууралуу маалымат берди. Ал акыркы жылдары экономиканын туруктуу өсүшү камсыздалып, мамлекеттик каржы кыйла бекемделгенин белгиледи. Президенттин айтымында, ички дүң продукт 22,6 млрд доллардан

Бишкекте Айтматов проспектисинде жаңы кирүү жолдору пайда болот

Бишкекте Айтматов проспектисинде жаңы кирүү жолдору пайда болот

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев көчмө жыйындын алкагында борбор калаанын жол-транспорт тармагын өнүктүрүү боюнча долбоорлор менен таанышты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Чыңгыз Айтматов проспектиси боюнча "Фрунзе" турак жай комплексине жана "Ала-Арча" соода-оюн-зоок борборуна кирүүчү жолдорду уюштуруу пландалууда. Мындан тышкары, шаарда эки жаңы