Садыр Жапаров Ошто тургундар менен жолугуп, экономикалык көрсөткүчтөрдү атады

Садыр Жапаров Ошто тургундар менен жолугуп, экономикалык көрсөткүчтөрдү атады

Президент Садыр Жапаров 10-апрелде Ош шаарынын тургундары жана активи менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынан билдиришти.

Жолугушууда Мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына токтолуп, алдыдагы максат-милдеттер тууралуу маалымат берди. Ал акыркы жылдары экономиканын туруктуу өсүшү камсыздалып, мамлекеттик каржы кыйла бекемделгенин белгиледи.

Президенттин айтымында, ички дүң продукт 22,6 млрд доллардан ашып, мамлекеттик бюджет 1,1 трлн сомдутүздү. Бул көрсөткүчтөр көмүскө экономиканы кыскартуу, тармактарды тартипке келтирүү жана коррупциялык тобокелчиликтерди азайтуу аркылуу жетишилген.

Ошондой эле жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатуу башкы багыт бойдон каларын белгилеп, эмгек акылар, пенсиялар жана социалдык төлөмдөр этап-этабы менен көбөйтүлүп жатканын айтты.

Президент Ош шаарынын өнүгүүсүнө да өзүнчө токтолду. Анын маалыматына ылайык, 2025-жылы шаардын бюджети 3,4 млрд сом болуп бекитилип, жыл ичинде кошумча 6,3 млрд сомго жакын каражат бөлүнгөн. Ал эми 2026-жылга бюджет 5,2 млрд сом деңгээлинде аныкталган.

Мындан тышкары, капиталдык салымдар боюнча 2025-жылы 598,4 млн сом, ал эми 2026-жылга 683,5 млн сомкаралып, курулуш иштерин улантууга багытталган.

Садыр Жапаров өлкөдө индустриялаштыруу саясаты жүргүзүлүп жатканын белгилеп, жыл сайын 100гө жакын өнөр жай ишканасы ишке берилип жатканын айтты. Бул алкакта Ош облусунда 34 ишкана ачылып, 1700гө жакын жумуш орду түзүлгөн.

Ошондой эле быйыл өлкө боюнча дагы 100 өнөр жай ишканасын куруу пландалып, анын ичинде Ош облусунда 18 объект ишке берилери күтүлүүдө.

Жолугушуунун соңунда Президент шаарда билим берүү, саламаттыкты сактоо, турак жай жана инфраструктура тармактарында реформалар улантыларын белгиледи. Иш-чара суроо-жооп форматында уланды.

Мындан тышкары окуңуз

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

Эми салык төлөөчүлөр "Салык төлөөчүнүн кабинетинен" маанилүү өзгөрүүлөр, жаңылыктар жана билдирүүлөр тууралуу ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Жаңы "Кабарламалар" сервиси салыктык кызматтарды колдонууда керектүү маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул салыктык кызматтарды санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Нарын районунун Куйбышев айылында 375 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришити. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылып, ага республикалык бюджеттен 151 млн сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 2 297 чарчы метр болгон эки кабаттуу мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория,

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги алмуруттун туура сортун тандап, заманбап интенсивдүү технологияларды колдонуу менен аз аянттан жогорку түшүм алууга болорун белгиледи. Маалымдалгандай, интенсивдүү бак үчүн Кармен, Маузер жана Кыргызско-зимний сорттору сунушталат. Кармен - эрте бышуучу жана кызгылт түстөгү мөмөсү менен айырмаланса, Маузер түшүмдүүлүгү жогору жана ташууга чыдамкай. Ал эми Кыргызско-зимний - кеч

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы жаңы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өлкө башчысына объекттин негизги көрсөткүчтөрү жана учурдагы курулуш иштери тууралуу маалымат берди. Жаңы көп функционалдуу