Талас облусунда элиталык сырлар чыгарыла баштайт
Талас облусунда элиталык сыр түрлөрү өндүрүлө баштарын Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду билдирди.
Маалыматка ылайык, фонд жана Талас облусундагы алдыңкы сүт өндүрүүчүлөрдүн бири — "Эмилия" ЖЧКсы өндүрүш кубаттуулуктарын кеңейтүү боюнча долбоорду каржылоо келишимине кол коюшту. Жалпы инвестиция көлөмү 1,2 млн долларды түзөт.
Талас облусунда биринчи жолу крем-чиз, фета жана маскарпоне сыяктуу элиталык жумшак сырларды өнөр жайлык негизде өндүрүү ишке кирет.
Буга чейин мындай продукциялар чет өлкөдөн импорттолуп келген. Долбоордун ишке ашуусу импортко болгон көз карандылыкты азайтып, азык-түлүк коопсуздугун чыңдап, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдойт. Бул иштер Садыр Жапаров тарабынан берилген тапшырмалардын алкагында жүргүзүлүүдө.
Долбоордун алкагында аянты 500 чарчы метр болгон жаңы өндүрүштүк жана муздаткыч кампалар курулат, ошондой эле Европа өндүрүшүндөгү заманбап жабдуулар сатып алынат. Бул ишканага суткасына 90 тоннага чейин сүт иштетүүгө жана жылына 700 тоннага чейин жаңы продукция чыгарууга мүмкүнчүлүк берет.
Долбоор аймак үчүн кошумча экономикалык пайда алып келет: сүт жеткирүүчүлөрдүн саны 2 миңден 3 миңге чейин көбөйөт. Бул айыл тургундарына туруктуу киреше жана продукциясын сатуу мүмкүнчүлүгүн камсыздайт. Ишканада 20 жаңы жумуш орду түзүлөт, ал эми заманбап жабдуулар продукциянын сактоо мөөнөтүн узартып, HACCP (тамак-аш коопсуздугун камсыз кылган эл аралык деңгээлде таанылган башкаруу системасы) стандарттарына жооп берүүсүн камсыздайт.