Кыргызстанда электрондук сооданын ИДПдагы үлүшү эмнеге төмөн?
Депутат Гүлай Машрапова Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында электрондук сооданын өлкөнүн ички дүң продуктусундагы (ИДП) үлүшүнө жана экспресс-жеткирүүнүн мөөнөттөрүнө көңүл бурду.
Депутат бул мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин электрондук сооданын үлүшү канча пайызга өсөрүн сурады.
Бул суроого экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов электрондук соода 2–3 эсеге өсөт деп күтүлүп жатканын, ал эми пландар боюнча 3–4 эсеге чейин көбөйтүү каралып жатканын билдирди.
Депутат Кыргызстанда электрондук сооданын үлүшү башка өлкөлөргө салыштырмалуу эмнеге төмөн экенин да сурады.
Ага жооп катары министрдин орун басары көрсөткүчтөр чындыгында суммалык өлчөмдө ЕАЭБ өлкөлөрүнө караганда төмөн экенин, бирок пайыздык көрсөткүчтөрү алар менен окшош экенин белгиледи.
Ошондой эле депутат товарларды жеткирүү мөөнөттөрүн кыскартуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүндү. Ахматов бул маселени карап чыгарын билдирди.