Россиялык серепчилер май айында доллар 70–75 рублга түшүшү мүмкүндүгүн болжошууда
Россиялык сеперпчилердин баамында, жакынкы айларда рубль күчтөнүп, доллардын курсу төмөндөшү ыктымал. Бул тууралуу «БКС Мир инвестиций» компаниясынын башкы экономисти Илья Федоров РИА Новостиге билдирген.
Анын айтымында, учурда валюта рыногундагы баланс рублдин пайдасына өзгөрүп, май айында доллардын курсу 70–75 рублга чейин түшүшү мүмкүн. Азыркы учурда доллардын курсу болжол менен 76,5 рубль деңгээлинде турат.
Акыркы убактарда рубль туруктуу бекемделип жатат. Мисалы, Россиянын Борбордук банкынын маалыматына ылайык, доллардын расмий курсу былтыр ушул убакта 1 доллар 84 рублдан сатылып келсе, бүгүн 76,97 рублга чейин төмөндөдү. Ошондой эле юань да арзандап жаткандыгы байкалууда.
Эксперт муну экспорттоочулардын салыктарды төлөө үчүн валютаны көбүрөөк сатуусу жана импорттоочулардын суроо-талабынын аз болушу менен түшүндүрөт. Мындан тышкары, мунай жана башка товарлардын кымбатташы да рынокко валютанын көбүрөөк түшүшүнө шарт түзүүдө.
Ошол эле учурда Россиянын Каржы министрлиги валюта сатып алуу операцияларын убактылуу токтоткону да рублдин бекемделишине таасир этүүдө. Аналитиктин божомолуна ылайык, бул жагдайлар сакталып турган шартта доллардын курсу дагы төмөндөшүн улантышы күтүлөт.