Кыргызстандын аэропортторунда эл аралык франшизалар — Burger King, Costa Coffee жана башка бренддер ачылат

Кыргызстандын аэропортторунда эл аралык франшизалар — Burger King, Costa Coffee жана башка бренддер ачылат

"Кыргызстандын аэропорттору" ААКсы эл аралык алдыңкы операторлор — BTA Group жана Helios Duty Free менен кызматташууну бекемдөөнү улантууда. Бул иштин алкагында BTA Group компаниясынын башкы директору Бюльбюль Баха жана Helios Duty Free компаниясынын башкы директору Йылмаз Фарук менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү.

BTA Group — Food & Beverage сегментинде дүйнөлүк деңгээлде таанылган лидерлердин бири болуп саналат. Компания 17 өлкөдө иш алып барып, 19 аэропортто кызмат көрсөтөт. Ал жүргүнчүлөргө жогорку деңгээлдеги тейлөөнү камсыздап, эл аралык мыкты стандарттарды киргизет.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар учурдагы жана келечектеги кызматташтыкты кеңири талкуулашты. Келечектеги ресторандардын дизайн-концепциялары бекитилип, аэропорттордогу жайгашуусу макулдашылды. Ошондой эле жеткирүү логистикасынан тартып товарларды кабыл алуу жана жеткирүү процесстерине чейин негизги операциялык маселелер каралды.

Өзгөчө көңүл эл аралык бренддердин санын көбөйтүүгө бурулду. Кызматташтыктын алкагында бир катар белгилүү франшизаларды ачуу пландалууда, алардын ичинде эки ресторан Burger King, Costa Coffee, ошондой эле Brewmark, Cakes & Bakes жана ENZO бар. Бул долбоорлор ишке ашса, жүргүнчүлөр үчүн кызмат көрсөтүүнүн сапаты жана тандоо мүмкүнчүлүгү кыйла жогорулайт.

"Кыргызстандын аэропорттору" ААКсынын жетекчилиги авиациядан тышкаркы кирешелерди өнүктүрүүнүн стратегиялык маанисин белгилеп, кызматташууну кеңейтүү боюнча кийинки кадамдарды да айтты. Атап айтканда, эл аралык франшизаларды аймактык аэропорттордо — Ош, Тамчы (Ысык-Көл) жана Каракол шаарларында ачуу мүмкүнчүлүгү каралууда.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media
Садыр Жапаров: Мектеп маселесин 2028-жылга чейин толук чечебиз

Садыр Жапаров: Мектеп маселесин 2028-жылга чейин толук чечебиз

Кыргызстанда мектеп маселесин 2028-жылга чейин толугу менен чечүү максаты коюлду. Бул тууралуу өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысы Жалал-Абад облусунун бир катар райондорунда мектеп, бала бакча жана маданият үйлөрүн куруу жана жаңылоо боюнча көйгөйлөр бар экенин белгиледи. Анын айтымында, Чаткал районунда

Ишкер Media