Видеобайкоону киргизүү бизнемендерге кандай пайда алып келет?

Видеобайкоону киргизүү бизнемендерге  кандай пайда алып келет?

Мамлекеттик салык кызматы салыктык көзөмөлдөөнү жүргүзүү учурунда видеобайкоону колдонуу боюнча салык мыйзамдарынын нормаларын түшүндүрүп берди.

Ведомствонун маалыматына караганда, видеобайкоону колдонууга байланышкан салык мыйзамынын нормасы 2025-жылдын 29-октябрынан тартып күчүнө кирген жана Салык кодексинин 59-беренесинин 1-бөлүгүнүн 24-пунктунда бекитилген.

Салык кодексине ылайык, салык органдары ишкердик субъекттеринин объектилеринде видеобайкоо системаларын товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын эсепке алуу мезгилинде гана, ошондой эле салык посту коюлган учурда орнотууга укуктуу. Бул чара мамлекеттин да, бизнестин да кызыкчылыктарын коргоого багытталган.

Азыркы учурда министрлер кабинетинин токтомунун долбоору коомдук талкууга чыгарылып, анда аталган норманы колдонуу тартибин бекитүү сунушталууда.

Белгилей кетсек, сунушталып жаткан өзгөртүүлөр жол-жоболорду так жөнгө салууга, кызмат адамдарынын аракеттеринин ачык-айкындуулугун жогорулатууга жана салык органдары менен ишкердик субъекттеринин ортосундагы мүмкүн болгон талаш-тартыштарды азайтууга багытталган.

Бул норманы ишке ашыруу административдик басымды күчөтүүгө эмес, салыктык башкарууну санариптештирүүгө, көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүүгө жана ишкердик жүргүзүү үчүн тең шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media
Садыр Жапаров: Мектеп маселесин 2028-жылга чейин толук чечебиз

Садыр Жапаров: Мектеп маселесин 2028-жылга чейин толук чечебиз

Кыргызстанда мектеп маселесин 2028-жылга чейин толугу менен чечүү максаты коюлду. Бул тууралуу өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысы Жалал-Абад облусунун бир катар райондорунда мектеп, бала бакча жана маданият үйлөрүн куруу жана жаңылоо боюнча көйгөйлөр бар экенин белгиледи. Анын айтымында, Чаткал районунда

Ишкер Media