Шавкат Мирзиёев Борбор Азиянын жеңилдетилген бажы режимдерин киргизүүнү сунуштады

Шавкат Мирзиёев Борбор Азиянын жеңилдетилген бажы режимдерин киргизүүнү сунуштады

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кечээ Астана шаарында өткөн Регионалдык экологиялык саммиттинде экология тармагындагы аймактык кызматташтыкты күчөтүүгө багытталган демилгелерди көтөргөнүн Kazinform жазды.

Алсак, ал өлкөлөрдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо үчүн Борбор Азиянын Кызыл китебин биргелешип иштеп чыгууну сунуштады.

"Бул иштин координатору Ташкенттеги жаратылышты коргоо боюнча эл аралык союздун аймактык кеңсеси болушу мүмкүн. Региондун Кызыл китеби жөн гана жок болуп бара жаткан түрлөрдүн тизмеси эмес, бул тармактагы биздин биргелешкен ишибиздин натыйжалуу платформасына айланышы керек", - деп белгиледи Шавкат Мирзиёев.

Ошондой эле Өзбекстандын президенти "Жашыл университеттин" алдында иштеп жаткан өлкөнүн чөлгө айлануу менен күрөшүү, кургакчылыктын алдын алуу, кум жана чаң бороондорунун алдын алуу борборуна аймактык статус берүүнү сунуштады. Анын айтымында, борбордун базасында илимий потенциалды бириктирүү жерлердин деградациясына мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалуу системасын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Аймакта технологиялык өтүүнү тездетүү үчүн Мирзиёев Борбор Азиянын "жашыл соода коридорун" түзүү демилгесин көтөрдү.

"Жеңилдетилген бажы режимдерин киргизүү жана товарларга берилген сертификаттарды өз ара таануу өндүрүштү тезирээк модернизациялоого жана продукцияларыбыздын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт", - деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media
Садыр Жапаров: Мектеп маселесин 2028-жылга чейин толук чечебиз

Садыр Жапаров: Мектеп маселесин 2028-жылга чейин толук чечебиз

Кыргызстанда мектеп маселесин 2028-жылга чейин толугу менен чечүү максаты коюлду. Бул тууралуу өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысы Жалал-Абад облусунун бир катар райондорунда мектеп, бала бакча жана маданият үйлөрүн куруу жана жаңылоо боюнча көйгөйлөр бар экенин белгиледи. Анын айтымында, Чаткал районунда

Ишкер Media
Кара-Жыгач – Сары-Челек жолу оңдолууда

Кара-Жыгач – Сары-Челек жолу оңдолууда

Туристтик аймактарга баруучу жолдорго өзгөчө көңүл бурулууда. Анын ичинде Аксы районундагы Кара-Жыгач – Сары-Челек автожолу каралууда. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, жолдун жалпы узундугу 30 чакырымдан ашык. Аткарылган иштер: • 10 чакырымына асфальт толук төшөлдү • Суу өткөрүүчү түтүктөр жана бетон курулмалар орнотулду • 15 чакырымын тегиздөө жана кеңейтүү 99%

Ишкер Media
Тоо-кен компаниялары аймактарды өнүктүрүүгө жылына 500 млн сомго чейин каражат бөлөт

Тоо-кен компаниялары аймактарды өнүктүрүүгө жылына 500 млн сомго чейин каражат бөлөт

Кыргызстанда тоо-кен компаниялары өз кирешелеринин 2 пайызын облустук жана райондук өнүктүрүү фонддоруна которот. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров 25-октябрда Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, дүйнөлүк бааларга жараша аталган фонддорго жыл сайын 200 млн сомдон 500 млн сомго чейин каражат түшүшү мүмкүн. Бул каражат айылдардагы

Ишкер Media