Айтматов районунда пайдаланылбай жаткан жерлерге картошка айдалып жатат
Талас облусунун Айтматов районунун Ак-Башат айылында мурда пайдаланылбай келген жерлер заманбап техникалар менен өздөштүрүлүп жатат.
Бул демилгени “Бай Элим” компаниясы ишке ашырып жатат. Компания айыл чарба өндүрүшүн эл аралык талаптарга ылайык жүргүзүүнү көздөп, Global GAP жана ORGANIC стандарттары менен иш алып барууда.



Долбоордун алкагында Казакстандын жогорку сапаттагы “Гала” сортундагы картошканын 100 тонна үрөнү алынып келинип, 40 гектар жер аянтына отургузулуп жатат.