“Майлуу-Суу лампа заводуна” 1 млрд 159 млн сомдон ашык акча бөлүнгөн

“Майлуу-Суу лампа заводуна” 1 млрд 159 млн сомдон ашык акча бөлүнгөн

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, өлкөнүн өнөр жай тармагын өнүктүрүү жана мурдагы ири өндүрүш ишканаларынын ишмердүүлүгүн кайра жандандыруу максатында өлкө аймактарын кыдырып көчмө жыйындар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев билдирди.

Б.Төрөбаевдин маалыматына караганда, жыл башында Президенттин тескемесине ылайык заводго финансылык колдоо көрсөтүү максатында 116 млн 900 миң сом бөлүнүп, ал сумма эмгек акы жана жумуштан бошогондордун жөлөк пулдары боюнча карыздарды жабууга багытталган.

Ошондой эле, Министрлер Кабинетинин тиешелүү тескемеси менен бул өндүрүш ишканасынын ишмердүүлүгүн кайра жандандыруу максатында 1 млрд 159 млн 863 миң сом бөлүнгөн.

Мындан тышкары, Президенттин Жарлыгына ылайык “Майлуу-Суу лампа заводу” ачык акционердик коомунун эсебине 931, 6 млн сом каралып анын 600 млн сому бөлүндү, алынган каражаттар максаттуу багытта пайдаланылууда, ал ишкананын мекемелер алдындагы пайда болгон карыздарын жабууга жумшалууда.

Бул чечимдер аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууга, өндүрүштүк кубаттуулуктарды кайра ишке киргизүүгө жана жаңы инвестицияларды тартууга багытталган маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media
Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш башталды

Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш башталды

Ош шаарынын күнүнө карата Төлөйкөн айылында улуттук оюн көк бөрү боюнча шаар мэринин кубогуна арналган мелдеш старт алды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, мелдешке Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат, Алай жана Ош шаарынан жалпы 7 команда катышып, ат үстүндөгү чеберчилигин көрсөтүүдө. Улуттук спортту өнүктүрүүгө жана жаштарды спортко тартууга багытталган турнирдин

Ишкер Media
"Бишкек Аренанын" ачылышында коопсуздукту 5 миң милиция кызматкери камсыздайт

"Бишкек Аренанын" ачылышында коопсуздукту 5 миң милиция кызматкери камсыздайт

5-октябрда Бишкекте жаңы "Бишкек Аренанын" расмий ачылыш аземи өтөт. Шаар тургундары жана коноктор үчүн кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң концерт даярдалган. ИИМдин маалыматы боюнча, көрүүчүлөр көп келиши күтүлгөндүктөн коопсуздук күчөтүлгөн тартипте уюштурулат. Коомдук тартипти камсыздоого 5 миң кызматкер тартылат. Аренанын айланасында жеке унаалардын киришине убактылуу чектөө киргизилет.

Ишкер Media
Бишкекте эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган конференция өттү

Бишкекте эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган конференция өттү

2-октябрда Бишкек шаарында эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган "Эгемендүүлүк доорунда Бишкек шаарынын өнүгүүсү: жетишкендиктер, көйгөйлөр жана келечек" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, конференцияга мэр Айбек Джунушалиев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов, академик

Ишкер Media