Адылбек Касымалиев Евразия турукташтыруу фондунун жетекчиси менен жолукту

Адылбек Касымалиев Евразия турукташтыруу фондунун жетекчиси менен жолукту

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун башкаруучу директору Ярослав Мандрон менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, ошондой эле мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечеги талкууланды.

Белгиленгендей, Фонд менен кызматташуунун алкагында энергетика, транспорт, айыл чарба жана башка тармактарда долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылган.“Бишкек ­– Ош автомобиль жолун оңдоо долбоору боюнча конструктивдүү кызматташтыкты белгилей кетүү керек, 67 километрден ашык жолдор жасалды. Ошондой эле, Фондго өлкөнүн энергетика секторун колдогондугу үчүн, атап айтканда, Токтогул ГЭСинин калыбына келтирүү долбоорлорунун алкагында, кубаттуулукту 240 МВт көбөйтүүгө мүмкүндүк бергендиги, ошондой эле Камбар-Ата ГЭС-2нин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү долбоору боюнча, бул кубаттуулукту 120 МВт көбөйтүүгө мүмкүндүк берет”, - деди Адылбек Касымалиев.

Өз кезегинде, Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун башкаруучу директору Ярослав Мандрон менен артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө умтулуусун ырастады. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бир катар тармактарда конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экендигин билдиришти.

Жолугушуу аяктагандан кийин ЕТӨФ каражаттары тарабынан каржыланган эки инвестициялык долбоор боюнча келишимдерге кол коюу аземи болуп өттү. “Ош облусунун айылдык калктуу коңул-жайларында суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу” жана “Камбар-Ата ГЭС-2нин үстүнкү суу ташкындаткычын куруу”.

Документтерге Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун башкаруучу директору Ярослав Мандрон жана Кыргыз Республикасынын финансы министри Руслан Сүйналиев кол коюшту.

Мындан тышкары окуңуз

SCAT Бишкектен Саньяга түз каттам ачат

SCAT Бишкектен Саньяга түз каттам ачат

Декабрдын башынан тартып SCAT авиакомпаниясы Бишкек - Санья - Бишкек багыты боюнча чартердик каттамдарды аткара баштайт. Бул тууралуу Кыргызстан аэропорттору АКК билдирди. Маалымдалгандай, түз аба каттам Кыргызстандыктарга Кытайдын эң популярдуу курортторунун бири - Хайнань аралындагы Санья шаарына которулмаларсыз жетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Жаңы чартер Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы туризмди өнүктүрүп, жүргүнчүлөр үчүн дагы бир

Ишкер Media
Жети-Өгүздө прокуратура жетим балага жер тилкесин алып берди

Жети-Өгүздө прокуратура жетим балага жер тилкесин алып берди

Жети-Өгүз райондук прокуратурасы жетим баланын мүлктүк укугун калыбына келтирди. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда В.К. аттуу томолой жетим баланын турак-жайы жок экени жана мыйзамда каралган тартипте үй менен камсыздалбаганы аныкталган. Прокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин балага Богатыровка айылынан үй куруу үчүн 600 чарчы метр жер

Ишкер Media
Кулубаев Нью-Йоркто ЭКУнун Тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты

Кулубаев Нью-Йоркто ЭКУнун Тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун 81-сессиясынын алкагында Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейрасмий жыйынына катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, министр өз сөзүндө Кыргызстан ЭКУ алкагында соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык жана энергетикалык кызматташтыкка артыкчылык берерин белгилеп, Уюмдун аймактык кызматташтыктагы ролун күчөтүү зарылдыгын

Ишкер Media
Ошто Мамыров көчөсүнүн 500 метр тилкеси жаңыланууда

Ошто Мамыров көчөсүнүн 500 метр тилкеси жаңыланууда

Ош шаарында Мамыров көчөсүндө оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди. Маалым болгондой, Курманжан Датка көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейинки 500 метрден ашуун жол толугу менен жаңыртылып жатат. Учурда жолдун биринчи катмар асфальты төшөлүп, эки тарабына ирригациялык лотоктор орнотулуп, тротуар курулууда. Ошондой эле жарыктандыруу жана канализация системалары жаңыланды. Жол

Ишкер Media