Кулубаев Нью-Йоркто ЭКУнун Тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун 81-сессиясынын алкагында Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейрасмий жыйынына катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, министр өз сөзүндө Кыргызстан ЭКУ алкагында соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык жана энергетикалык кызматташтыкка артыкчылык берерин белгилеп, Уюмдун аймактык кызматташтыктагы ролун күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.
Жыйында аймактык жана глобалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, ошондой эле ЭКУну өнүктүрүүнүн келечек багыттары талкууланды.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу