Жарым жылдык жыйынтык: Жалал-Абадда жумушсуздук кыскарып, өндүрүш өстү

Жарым жылдык жыйынтык: Жалал-Абадда жумушсуздук кыскарып, өндүрүш өстү

Жалал-Абад облусунда 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу облусттук өкүлчүлүктөн билдиришти.

Жыйынды президенттин Жалал-Абад аймагындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев өткөрдү. Ага райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары, шаар мэрлери, айыл өкмөт жетекчилери жана облустук мекеме-уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын алгачкы алты айында облуста өнөр жай өндүрүмүнүн көлөмү 32 млрд 242,5 млн сомду түздү. Ал эми айыл чарба өндүрүмү 26 млрд 35,1 млн сомго жетти.

Ошондой эле аймакта 19 ири инвестициялык долбоор ишке ашырылып жатканы белгиленди. Алардын тогузу Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берилет. Долбоорлорго 36 млн доллардан ашык инвестиция тартылып, 280 жаңы жумуш орду түзүлөт.

Мындан тышкары, ымыркайлар жана энелер арасындагы өлүмдөрдү азайтуу, дарыгерлердин жетишсиздигин чечүү, жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу жана жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарын жакшыртуу боюнча тапшырмалар берилди.

Социалдык колдоо багытында жарым жыл ичинде облус боюнча 2 146 үй-бүлөгө 150 миң сомдон контракт берилген. Ошондой эле расмий жумушсуздардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 1 461 адамга азайып, 9 605 адамды түзгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ТМУнун жыйынына катышты

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ТМУнун жыйынына катышты

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейрасмий жыйынына катышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, жыйында ТМУнун күн тартибиндеги маселелер жана алдыдагы 13-Саммитке даярдык талкууланды. Министр Кулубаев Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук

Ишкер Media
Кыргызстан менен Азербайжан соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Азербайжан соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

25-сентябрда экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Азербайжандын экономика министринин биринчи орун басары Эльнур Алиев менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, соода жүгүртүүнү көбөйтүү, логистикалык инфраструктураны жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлор талкууланды. Тараптар жетишилген макулдашууларды

Ишкер Media
Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча үчүнчү раунддук сүйлөшүүлөр Алматыда өттү

Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча үчүнчү раунддук сүйлөшүүлөр Алматыда өттү

Алматы шаарында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСин биргелешип куруу боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунун долбооруна арналган үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн 3-раунду өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөргө үч өлкөнүн ТИМ, энергетика, каржы, суу ресурстары тармагынын өкүлдөрү катышты. Кыргызстандан делегацияны энергетика министринин орун басары Салават

Ишкер Media
Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму жарандарга 2 млн сомдон ашык төлөм берди

Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму жарандарга 2 млн сомдон ашык төлөм берди

Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму Бишкек мэриясы менен биргеликте жарандарга камсыздандыруу төлөмдөрүн тапшырды. Бул тууралуу уюмдан билдиришти. Маалыматка ылайык, 17 жаранга ОСАГО, ОСЖ жана ОСГОПП полистери боюнча жалпы 2 млн 157 миң 392 сом төлөндү. Ал эми регион боюнча жалпы төлөм 3 млн 350 миң 425 сомду түздү. Бул каражат жарандардын күтүүсүз

Ишкер Media