Айыл чарба, токой чарба, балык продукцияларынын дүң чыгарылышы 453,2 млн сомду түздү
Январь-октябрь айларына карата айыл чарба, токой чарба жана балык уулоочулук продукцияларынын дүң чыгарылышы 453 272,2 млн сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин отчётунда айтылат.
Маалыматка ылайык, айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн жалпы көлөмүндө мал чарба продукциялары - 47,4 пайызды, өсүмдүк өстүрүүчүлүк – 48,7 пайызды, балык уулоочулук – 1,2 пайызды, токой чарбасы – 0,3 пайызды жана кызмат көрсөтүүлөр 2,4 пайызды түзгон.
Дыйкан чарбаларынын жана жарандардын жеке көмөкчү чарбаларынын үлүшүнө продукциялардын жалпы көлөмүнүн 91,9 пайызы туура келген. Быйылкы жылдын январь-октябрында айыл чарба продукцияларынын дүң чыгарылышынын көлөмүнүн өсүүсү мал чарба тармагынын продукцияларын өндүрүүнүн көбөйүшү 4,0 паыйзга жана өсүмдүк өстүрүүчүлүк 5,5 пайызга өндүрүүнүн өсүшү менен шартталган.
Айыл чарба, токой чарба жана балык уулоочулук продукцияларынын дүң чыгарылышынын жалпы көлөмүндөгү эң жогорку салыштырма салмакты Чүй облусу (25 пайызды) ээлейт.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу