10 айда бюджетке 3 млрд сомдон ашык мүлк салыгы түштү
10 айда мамлекеттик бюджетке 3 млрд 392 млн 553 миң 435 сом мүлк салыгынан түшкөн. Бул маалымат Каржы министрлигинин отчётунда айтылат.
Маалымдалгандай, 2 млрд 6 млн 73 миң 377 сом кыймылсыз мүлккө болгон салыктан түшкөн. Турак жай имараттарына болгон мүлк салыгынын көлөмү 425 млн 702 миң 237 сомду түзсө, турак жай эмес имараттар жана жайлардан 1 млрд 580 млн 489 миң 412 сом топтолгон. Ал эми унаалардан 26 млн 516 миң 15 сом салык алынган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу